Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө умтулууда. Эгерде ага чейин дипломатиялык консультациялар гана жүрүп келсе, былтыр 23-сентябрда өлкө жетекчиси Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан бекем, ачык билдирди. Ал Башкы Ассамблеянын 80 – мааракелик сессиясында Кыргызстан дүйнөдөгү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо өз салымын кошууга умтулуп келгенин, дүйнөдөгү чакан мамлекеттердин маселесине БУУнун көңүлүн буруу максатында Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө Кыргызстан өзүнүн талапкерлигин көрсөткөнүн белгилеп, адилеттүүлүк принцибинин негизинде мүчө-мамлекеттерден кийинки быйыл июнь айында өтө турган шайлоодо Кыргызстанды колдоого чакырган эле. (https://kyrgyztuusu.kg/archives/29546).
Argumentum ad rem
БУУ жападан жалгыз глобалдык платформа. Бөлөк мындай уюм жок. Баары убагында каалап жана өз ыктыяры менен бириккен уюм. Улуттардын шериктештиги, тынч-тык деген идеялар өзөгү болгон бул уюм Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн, жалпы адамзаттык мааниге ээ глобалдык уюм. Эки дүйнөлүк согуштун азабын көргөн өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмун негиздегенде болочок муундарды согуш азабынан азат кылуу максатын көздөгөн.
Адамзат туш болгон, тагыраагы адамзат өзү жараткан проблемалардын, адам баласы өз колу менен
даярдаган катастрофалык процесстердин күчөшү, айрыкча ири мамлекеттердин лидерлери баштаган эл аралык конфликттердин апогейине жетиши, айтор маселелердин болуп көрбөгөндөй курчтугу БУУнун аброюна шек келтирип, дүйнө оор сыноого тушугуп турат. АКШ президенти Дональд Трамп уюштуруп жаткан “Тынчтык кеңеши” да БУУнун жарамдуулугу тууралуу ыксыз кептерди ого бетер күчөттү.
БУУ Коопсуздук кеңешин кеңейтүү демилгесин, анын уставын жаңыртуу маселесин бир топ мамлекет сунуштап келет. Уставы демекчи, андагы айрым принциптери жана жоболору бири бирине карама-каршылык жаратпагыдай так аныкталышы керек. Ал эми Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк да адилеттикке негизделип, кеңири өкүлчүлүктү эске алуусу керек. Мисалы, буга чейин Түркия бул жагдайды эмоционалдык маанайда көтөргөн. “Бир ууч мамлекет эле чечим кабыл ала бербеш керек, БУУ беш мамлекет эмес, жалпы дүйнө мамлекеттеринин уюму”, – деп буркулдаган түрк лидери Эрдоган. Коопсуздук кеңешинин курамын, укуктары менен милдеттерин, чечим кабыл алуу, аткарылбаса жоопкерчилигин кароо мехнизмдери да БУУнун жаңыртыла турган уставында даана белгиленүүгө тийиш.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин өркүндөтүү жана реформалоо убактысы келгени талашсыз. Кыргызстан
Коопсуздук Кеңешин өркүндөтүү боюнча керектүү чараларды көрүүнү зарыл деп эсептейт жана бул чаралар көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алышы керек.
БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоонун бардык маселелери боюнча ыкчам жана компромисстүү чечимге жетишүү абдан маанилүү. Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк кеңири географиялык өкүлчүлүк принциптерине негизделиши абзел. Маселен, Африкалык мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу укугун кеңейтүүгө неге болбосун.
Буга чейин Коопсуздук Кеңешине шайланбаган өлкөлөрдү колдоо БУУна мүчө-мамлекеттердин тең укуктуулугун белгилеп, уюмдун беделин көтөрөт жана ага болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Алтымыштан ашуун мамлекет, алардын ичинде Кыргызстан да, эч качан Коопсуздук Кеңешине шайлана элек. Ошол эле учурда кээ бир мамлекеттер беш-алты жолудан мүчөлүккө шайланышканы калыстык эмес. Бир нече ирет убактылуу мүчө болгондорунун деле нени кыйратканы белгисиз. Ал эми туруктуу мүчөлөрүнүн айрымдары бири бири менен кыл чайнашып турат.
Аныгында, ар бир мамлекет Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болууга акысы бар. Ар бир суверендүү өлкө БУУнун ишине жигердүү катышууга, дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту сактоого өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу кажет. Кызыкчылыктардын балансы сакталууга, эч бир мамлекет дүйнөлүк маселелерди чечүүдө четте калбоого тийиш. Бул алардын амбициясы же таарынычы эмес, эл аралык коомчулуктун субъектиси катары жоопкерчиликти туюнтат.
Куну кымбат, акыбыз бар
Азыркы учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин абалкы беш жана убактылуу он, баары — 15 мүчөсү дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин тагдырын иш жүзүндө чечип жатышат. Алардын биргелешкен позицияга келүүсүнөн согуш менен тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук маселелери тике көз каранды. Мындан да маанилүүсү, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү тигил же бул чечимге ар дайым бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ар кайсы аймактардагы кандуу жаңжалдар, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык талаш-тартыштар БУУнун ушул алакаларды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн институттарынын алсыз деген ырастамаларын ого бетер бекемдеди. Бирок аныгында БУУнун институттарынын алсыздыгы алардын табиятында эмес, айрым мамлекеттердин жана топтордун кусаматына, кээ бир лидерлердин жоопкерсиздигине байланыштуу.
Кыргызстандын тынчтыкты орнотууга, коопсуздукту камсыз кылууга жана ар кандай жаңжалдарды чечүүгө бай тажрыйбасы бар. Кыргызстан токсонунчу жылдардын башында азербайжан-армян кармашын жөнгө салууда чечүүчү роль ойногон.
Бишкек Тажикстандагы атуулдук согуштун басылышына жана бул өлкөдө тынчтыктын орношуна эбегейсиз салым кошкон.
Кыргызстан тынчтыкты орнотуу миссияларына үзбөй катышып келген өлкө.
Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы демилгелердин ээси. Мисалы, Эл аралык тоо жылы, тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы, эл аралык барс жылы сыяктуу демилгелер кубаттоого алынган, натыйжасы дүйнөгө изги таасир эткен. Бишкектин жалпы адамзаттын тынчтыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган идеялары БУУнун колдоосуна ээ болуп келген. Борбордук Азия тынчтыктын аймагы деген идея да Кыргызстанга таандык. Бишкек идея көтөрүп гана тим болбой, аны ишке ашырууга саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык аракеттерин аябаган жоопкерчиликтүү мамлекет.
Кыргызстанда быйыл мааракелик «Ысык-Көл форуму» өтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдар, ишмерлер дүйнө тагдыры тууралуу акыл калчап, кеңеш курганы турат. Президенттин демилгеси менен өтө турган бул форум да дүйнө маселесине кайдыгер эмес өлкөнүн эл аралык масштабда мыкты иш кылууга жарактуу экенин тастыктап турат.
Кыргызстандын жалпы адамзаттык жана регионалдык маселелерди чечүүгө тажрыйбасы жетиштүү гана эмес, моралдык-саясий укугу да арбын мамлекет. Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык маселелерге тике катыштыгын көрсөткөн кадамдардын бири, биздин өлкөнүн жаратман дипломатиялык ролун бекемдөөчү аспап, БУУнун чакан мамлекеттердин пикирин эске алуусун шарттаган көрүнүш.
Андыктан Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчө болушу мыйзамченемдүү жана логикалык көрүнүш.
Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк бул эл аралык аренада таасирибизди арттырат, дүйнөлүк маселелерди чечүүгө тике жана батыл аралашууга шарт түзөт. Эл аралык беделдин ар дайым экономикалык натыйжасы болмогу талашсыз.
Аракеттер
Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчөлүккө шайланууга тиешелүү кадамдар жасалууда. Жол быйыл эле чабылганы жок. Биздин өлкө бир нече жылдык татаал жолдун көбүн арбытты. Бишкек тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Африка өлкөлөрү менен алака түзүп, мамилесин бекемдөөгө умтулууда. Бизден Африкага, Африкадан бизге визиттер байма-бай. Маселен, жакында Эфиопияда элчилик ачылганы турат. Аддис-Абебадагы дипломатиялык миссия аркылуу Африка союзу жана калган мамлекеттер менен кызматташууга кенен мүмкүнчүлүк ачылганы турат. Коопсуздук Кеңеши менен Африка континентинде активдүүлүк өз үзүрүн берери шексиз. Бул континент Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө шайланууда гана эмес, келечекте көп маселеде бизге пайдасын тийгизери турулуу нерсе. Учурда дипломатиялык консультациялар интенсивдүү жүрүүдө. Министр Жээнбек Кулубаев кечээ жакында эксперттик жолугушууда билдиргендей, көп мамлекеттерде дипломатиялык миссиялардан тышкары, атайын чабармандар да катуу аракеттенип жаткан кези.
Алмаз ОКИН

