Кытайдагы үйлөрдө, мекемелерде кадимкидей кол булгалаган мышык-оюнчуктарды көп кездештирүүгө болот жана аны кытайлыктар ийгиликтин, байлыктын символу катары эсептешет.
Жакында Кытайдын South China Morning Post басылмасы адамдарга алдыңкы оң буту менен учурашкан мышык тууралуу жазып чыккан. Аталган жаныбар Сучжоу провинциясындагы XI—XII кылымда тургузулган, Юань династиясы архитектурасынын классикалык үлгүсү болгон Сиюань храмында жашайт. Бак-шактуу бул храмдагы алтын каргылуу мышык ар бир тосулган алаканга “бешти берүү” менен учурашып соцтармактарда таанымал болгон.

