Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-июнда Өзбекстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев өзбек элин 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктап, Өзбекстан курама командасына ийгилик каалады.

Өз кезегинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Адылбек Касымалиевге Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ысык саламдарын жолдоду.

Өкмөт башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу тереңдетүү биздин элдердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берерин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө ниеттерин билдиришти.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар