Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКалифорниянын губернатору Трамптын аракеттерине каршы үн катты

Калифорниянын губернатору Трамптын аракеттерине каршы үн катты

Лос-Анжелесте бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары уланып жатат. Айрым райондордо коменданттык саат жарыяланганына карабастан, миңдеген адамдар көчөгө чыгып, АКШнын миграциялык саясатына каршылыгын билдирип жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар  жазышууда. 

Ал арада Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом өлкө президенти Дональд Трампты сынга алып, аны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат деп айыптады.

«Трамп силердин унчукпай, оозуңарды жаап, тарапташ кылып алууну каалоодо. Ага алданбагыла«, — деп билдирген губернатор.

Нааразычылык акцияларынын кайсы убакытка чейин уланары азырынча белгисиз. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон калууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар