Акыркы жылдары дүйнөдө жана анын ичинде Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөр көйгөйү курч бойдон калууда. Бул маселени чечүүдө жарандык жоопкерчилик менен бирге диний лидерлердин ролу абдан чоң экени белгиленүүдө.
“MoveGreen” уюмунун жетекчиси Азат Мурадылдын айтымында, имамдар жана медреселердин мугалимдери аймактарда таасирдүү болуп, экологиялык сабаттуулукту жайылтууда натыйжалуу болушат. Долбоордун негизинде 60ка жакын диний кызматкер атайын окутулуп, экология, климат жана табиятка кам көрүү боюнча билим алышат жана аларга маалыматтарды коомчулукка медиа, видео жана подкасттар аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Атайын Бишкек шаарында, пилоттук негизде өткөрүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, диний кызматкерлердин 94,7%ы айлана-чөйрөгө кам көрүүнү диний жана адептик милдет катары кабыл алат. 86,8%ы абанын жана табияттын абалына тынчсызданат, ал эми 98%ы климат жана экология боюнча билим алууга даяр.

Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин өкүлү Айбек Иминов белгилегендей, имамдар аркылуу климаттык билим берүү Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү. Диний насааттар аркылуу жарандарга экологиялык жоопкерчилик маданиятын калыптандырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.
Бул долбоор диний мекемелер, мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен биргеликте экологиялык туруктуулукту бекемдөөгө шарт түзөт. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 4000ге жакын мечит болсо, ар биринде бирден мечит имамы каралган.


