Президент Садыр Жапаров 11-майда социалдык тармактарда тараган аскерлердин сабалышы боюнча видеофактка байланыштуу окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Видеодо аскердик тартиптин уставдык ченемдери жана принциптери одоно бузулганы көрсөтүлгөн.
«Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык тиешелүү органдар бул окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко тартылышы керек», – деп айтылат расмий билдирүүдө.

