whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаФискалдык саясат өсүш темптерин жогорулатат

Фискалдык саясат өсүш темптерин жогорулатат

Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан кабыл алынган чечимдер салык мыйзамдарын жана салык системасын өркүндөтүүнүн жаңы барагын ачып, биринчи кезекте ишкердикти активдештирүү, салык базасын болуп көрбөгөндөй кеңейтүү жана жарандардын мамлекет алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Мамлекет башчысынын жарлыгында белгиленген жаңы фискалдык саясат өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет жана экономикалык өсүш темптерин бир кыйла жогорулатат. Экономиканы индустриялаштыруу жана аны жашыл экономиканын негизине өткөрүү процесстери жанданат, кайра иштетүү өнөр жайынын салттуу тармактары менен бирге жаңы индустриалдык, кошумча нарктары жогору жаңы өнөр жай тармактары – автомобиль куруу, биотехнология, фармацевтика, электроника жана башка кошумча нарктары жогору жаңы өнөр жай тармактары өнүгөт.

Негизинен өлкөнүн жаңы экономикалык саясатын жана өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга, 2030-жылга ИДПнын эки эсеге көбөйүшүнө жана өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

Жумабек ЖАИЛОВ,
экономика илимдеринин доктору

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар