Уруулук Париждеги Лувр музейинин эң белгилүү залдарынын бири — Аполлон галереясында болгон. Ал жерде Франциянын падышалык доорунан калган зер буюмдар жана таажынын асыл таштары сакталып турат. Окуя музей ачылгандан кийин болжол менен жарым саат өтпөй, туристтер залдын ичинде жүргөн маалда болгон. Лувр кызматкерлери акыркы убакта залдардын ашыкча толушу жана коопсуздук кызматкерлеринин аздыгы уурулукка шарт түзүп жатканын белгилешти.
Бул окуя Луврдагы биринчи уурулук эмес. Музейдин тарыхында бир катар белгилүү уруулук фактылары буга чейин да болгон. Алардын ичинен эң белгилүүсү — 1911-жылы Леонардо да Винчинин “Мона Лиза” аттуу атактуу сүрөтүнүн уурдалышы.
Ошол жылы музейдин мурдагы кызматкери Винченцо Перуджа Луврдун ичинде жашынып, эртеси күнү сүрөттү пальтосунун астына катып алып чыккан. Бул окуядан кийин дүйнө жүзүндөгү гезиттер “Мона Лизанын” жоголушу тууралуу жазып, ал убакта көпчүлүккө белгисиз болгон бул сүрөт бир заматта дүйнөдөгү эң атактуу чыгармага айланган.
Эми болсо Луврдагы жаңы уурулук окуясы дагы бир жолу искусствонун улуу чыгармаларын жана тарыхый баалуулуктарды сактоо канчалык маанилүү экенин эске салды.