whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОрусия менен Украина Запорожье атомдук электр станциясынын аймагында ок атышпоого келишишти

Орусия менен Украина Запорожье атомдук электр станциясынын аймагында ок атышпоого келишишти

Орусия менен Украина Запорожье атомдук электр станциясынын аймагында ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга келишти. Бул келишим электр түйүндөрүн оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн түзүлгөнүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди.

Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп саналган Запорожье АЭСин Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин көзөмөлүнө алган. Андан бери станция электр энергиясын өндүрбөй келет, бирок объект коопсуздук системалары үчүн сырткы энергия менен камсыз болууга муктаж. Акыркы айларда станцияны электр тармактарына туташтырган байланыш үзүлүп, буга байланыштуу Москва менен Киев бири-бирин айыптап келген.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси билдиргендей, оңдоочу адистер ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген келишимдин негизинде станцияга кирүүгө уруксат алышкан. Анын айтымында, Запорожье АЭСи акыркы төрт жума бою сырткы электр менен камсыздалбай, авариялык абалда иштеген дизелдик генераторлор аркылуу гана энергия алып турган.

Гросси белгилегендей, бул келишим объекттин коопсуздугун камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат, анткени атомдук станциянын туруктуу электр камсыздоосу өзөктүк коопсуздуктун негизги шарты болуп эсептелет.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар