Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Израилдин Катарга жасаган чабуулун айыптады

Садыр Жапаров Израилдин Катарга жасаган чабуулун айыптады

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Израилдин Катар мамлекетинин борбору Дохага жасаган ракеталык соккусун кескин айыптады. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Президенттин билдирүүсүндө:
«Бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын принциптерин бузат. Ошондой эле Катар мамлекетинин эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө түздөн-түз зыян келтирет», — деп белгиленди.

Эске салсак, 2025-жылдын 9-сентябрында Израил армиясы Дохада ХАМАС жетекчилери жашырынышы мүмкүн болгон жайга абадан сокку урган. Бул окуя дүйнө коомчулугунда катуу сынга алынып, Катар, Түркия, Франция, Сауд Арабиясы жана бир катар мамлекеттер аны «эл аралык укукту одоно бузуу» катары баалашты.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар