whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиевдин Өзбекстанстанга болгон иш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Өзбекстанстанга болгон иш сапары аяктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Өзбекстан Республикасына иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрдү.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ошондой эле бир катар объектилерди, анын ичинде Ташкент облусундагы күн электр станциясына барды. Мындан тышкары Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында уюшулган Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Ошондой эле, МинКаб башчысы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгында, Өзбекстан тараптын чакыруусу менен кадырлуу конок катары «Өзбекстан-Катар» футболдук оюнун көрүүгө барып, андан соң Бишкек шаарынан кайтып келди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар