Кыргыз делегациясы Франциянын чыгышындагы байыркы Страсбург шаарында иш сапары менен жүрөт. Делегация башчысы Эдил Байсалов Страсбургдагы Европарламенттин, Европалык Кеңештин, Адам укуктары боюнча Европалык соттун жетекчилиги менен жолугушуулары тууралуу “Кыргыз Туусуна” телефон аркылуу маалымдап, биздин өлкөгө карата айтылган айрым сындарга так жооптор, негиздүү түшүндүрмөлөр берилгенин маалымдады.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун айтымында, Европадагы таасирдүү институттар менен жолугушууларда төмөнкү маселелер сүйлөшүүлөрдүн предмети болгон.
Биз өнөктөштөргө реалдуу кырдаалды айтып бердик
– Өкмөттүк делегация Страсбургда маанилүү жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Бул жакта жайгашкан Европа Кеңешинин жетекчилиги, Венеция комиссиясы, Адам укуктары боюнча соттор менен жолугуп жатабыз. Баш кеңсеси Брюсселде жайгашканы менен Европарламент Страсбургда ай сайын сессияларды өткөрүп турушат. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көптөгөн депутаттар, фракциялар, топтор менен көрүшүп жатабыз. Адам укуктары боюнча кичи комитет менен да кенен сүйлөштүк. Негизинен өлкөдөгү соңку абалды, социалдык-экономикалык өнүгүү, элге көрсөтүлүп жаткан кызмат, реформалар тууралуу маалымат бердик. Биздин мамлекеттик кирешенин үч эсеге өскөнү – бул коррупцияга каршы оозеки эмес, иш жүзүндө жүргөн күрөштүн үзүрү. Президент Садыр Жапаров өзү да уурдабай, башкаларга да уурдатпай, мамлекеттик кирешени үч эсеге, ички дүң өнүмдү эки эсеге өстүрүп, акыркы үч жылда 9% экономикалык өнүгүү болуп жатат.
Ал эми Кожент шаарында болгон тарыхый окуя – Кыргызстан дипломатиялык, тынчтык жолу менен өзүнүн мамлекеттик чек араларын тактап алганын бул жакта кубаныч менен кабыл алып жатышат. Эртең баштала турган “Евробиримдик – Борбор Азия” саммити да чоң маанилүү окуя болууда. Ушундан улам Европа өлкөлөрү менен кызматташуунун масштабы кеңейип, мазмуну байыйт деген ишеничтебиз.
Адам укуктарынын анабашы – социалдык-экономикалык укуктар
– Биздин башкы максатыбыз – элибиздин жашоо-турмушун оңдоо. Ошол бизге негизги критерий. Биздин эң негизги кожоюнубуз – улуу кыргыз эли жана ошондуктан алардын баасы бизге маанилүү. Өзүңүздөр да байкап жатасыздар, сырттан болгон рейтингдерди мурда каржылап келген өкмөт азыр баарын жоюп, “бул эч кандай туура эмес, адамзаттын турмушуна кереги жок” деп жатат. Бир да мамлекетти башкага салыштырууга болбойт. Ар биринин өзүнүн уникалдуу, суверендүү мамлекети, орду, көздөгөн максаттары бар. Ошондуктан биз андай рейтингдерге терикпейбиз. Бизде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп жатса, ал жакырчылык маселеси. Буюрса, президентибиздин көздөгөн амбициялуу пландары боюнча келерки 10-15 жылдын ичинде 4-5 эсе жакшыраак жашасак, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүлөт. Ошондуктан биз өнөктөштөрүбүз менен ийри отуруп, түз кеңешип жатабыз. Салыштыруу керек. Үлгү болгусу келген мамлекеттердин мисалы буга айкын далил. Мурдагы күнү эле Парижде кабыл алынган чечимди, Румыния, Венгрия, ошол эле АКШдагы жана башка демократиялык өлкөлөрдөгү процесстерди карайлычы. Ар мамлекеттин өзүнүн өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана этаптары болот.
Бизди кызыктырган негизги адам укуктары, социалдык-экономикалык укуктар. Саясий эркиндиктер деп жүрүп 30 жыл бою туңгуюк жолго барып калбадыкпы. Сөз эркиндиги жана башка конституциялык эркиндиктер бизге аба-суудай керек, бул биздин ДНКбыз, бул биздин баш мыйзамыбызда жазылган. Бирок биз жанагындай сындарга терикпейбиз. Баарын убакыт көрсөтөт. Биздин жолубуз түз, ниетибиз таза, – деди Эдил Байсалов.
Биз демократия жолунан адашпайбыз
– Ар бир мамлекетке ар кандай мүчүлүштүктөр боюнча суроолор берилет. Биз өзүбүз демократия жолунда адашып калган жокпуз. Кыргызстанга эң аз сын-доомат айтылып жатат. Кандай болгон чакта да аймакта Кыргызстан эң демократиялуу, шайлоолору таза, бийлик элдин мүдөөсүн аткарган бийлик катары кала беребиз. Пикир деген пикир. Аны мурда өз алдынча отурганда ашканада айтып койчусуң. Кээ бир пикирден, ойлонулбаган сөздөн чоң от чыгып, мамлекетке зыян келиши мүмкүн. Биздин башыбыздан өткөндөй, этностук араздашуу, биримдик, ынтымакка, башка өлкөлөр менен мамилебизге кыянаттык кылгандарга мурда эле айтылган. Мындай маселелерде ойноп сүйлөсөңөр да ойлонуп сүйлөгүлө. Канышай Мамыркулованын окуясы дагы башкаларга сабак. Аны дагы жазалоо маселеси эмес. Эжесин көрүп, инилерине, сиңдилерине сабак болсун. Ашканадагы кеп башка, социалдык тармакта 7-8 миллиард элге сүйлөгөн өтө опурталдуу. Мындай аракетке мамлекет каршылыгын көрсөтөт. Муну сөз эркиндиги менен алмаштырып албоо керек. Бул “коомдук кастыкты күчөтүү” жана буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинде жазасы да көрсөтүлгөн.
Эч ким жабылган жок. Чет өлкөлүк уюмдар иштеп жатат
– Ошол эле “Чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам каралып жатканда кандай гана ызы-чуу болуп, салыштырып, “жарандык коомдун баарын камайт, жабат” деп чыгышкан. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол тизмени карасаңар, болгону беш уюм каттоого туруптур. Дагы бир жолу кайталайм. Демократия биздин өзүбүзгө керек, кайдагы бир акылдуусунган эксперттер үчүн демократияны сактабайбыз, өзүбүз үчүн зарыл. Азыр кырдаал такыр өзгөрдү. 1990-2000-жылдардагы кырдаал азыр жок. Европада, АКШда кандай гана мыйзамдар кабыл алынып жатат. Ошол эле Англияда социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн 3 миңдей киши камалып жатат, башка өлкөдө сот тарабынан оппозиция жетекчисин камап, шайлоого чыгарбай жатышат. Адам укуктары болобу, башка мамлекеттик өнүгүү болобу, биздин жүзүбүз жарык. Страсбургда бизди түшүнүү менен кабыл алып, мактаганга чейин барып жатышат.
Венеция комиссиясынын жетекчилиги менен жолугушууда «Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам боюнча түшүндүрмө бердик, алар ынанышты. Башында мыйзам кабыл алынса, бардык бейөкмөт уюмдар жабылып калат деп ойлошкон. Эч ким жабылган жок. Ошондуктан ал мыйзам кандай аткарылганын көрүп, кубанышты. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам боюнча алардын экспертизасы эске алынган. Президент былтыр май айында долбоорду чакыртып алып, жаңы редакциялык топ өздөрү каалагандай жазышты. Ошол мыйзамды үтүр-чекитине чейин өзгөртүүсүз парламентке киргиздик.