whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Вячеслав Володинди кабыл алды

Садыр Жапаров Вячеслав Володинди кабыл алды

Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинди кабыл алды. 
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын, парламенттер аралык мамилелердин негизги багыттарын, ошондой эле эки жактуу соода-экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле бардык багыттар боюнча толук масштабдуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, эки тараптуу диалогдун ажырагыс бөлүгү катары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Өз кезегинде Вячеслав Володин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык диалогдун туруктуу жана системалуулугун камсыздоо боюнча ырааттуу жана системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал стратегиялык өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн, ошондой эле конструктивдүү парламенттер аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Вячеслав Володинге конструктивдүү жана мазмундуу баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-орус мамилелерин чыңдоого багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар