whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭң башкысы - курулуштардын сапаты

Эң башкысы — курулуштардын сапаты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар стратегиялык маанилүү инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө жана сапатына жеке баа берүү максатында таанышты.

Ал адегенде катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча курулуп жаткан экотехнологиялык заводго барды. Завод айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында жайгашкан, бул таштандыларды ташууда транспорттук чыгымдарды азайтат. Шаардын мэри Айбек Жунушалиев берген маалыматка ылайык, заводдун жалпы аянты 12 гектар, инвестициянын жалпы көлөмү 95 млн долларды түзөт. Биринчи этапта суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетип, күнүнө 460 МВт, ал эми жылына 180 000 МВтка барабар электр энергиясын өндүрүү пландаштырылууда. Келечекте кубаттуулукту суткасына 3000 тонна таштанды чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Ошондой эле, өндүрүштүк зоналарды жайгаштыруу схемасы көрсөтүлдү: жүк түшүрүү залы, таштанды аянтчасы, от казан, түтүн газын тазалоочу аянт, турбиналык цех жана гидравликалык аймак. Айлана-чөйрөгө минималдуу таасирди камсыз кылуучу түтүн газын тазалоонун заманбап технологияларына өзгөчө көңүл бурулду. Учурда административдик имараттын жана негизги өндүрүштүк корпустун пайдубалын куруу иштери аяктап, бетон иштери 4-кабатка жетти, заводдун курулушу 2025-жылы декабрда аяктап, ишке киргизилмекчи.

Адылбек Касымалиев долбоордун шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү, таштандыларды чыгаруу көлөмүн азайтуу жана борбордун энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.

“Бул завод өлкөдө биринчи болуп саналат жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышы Бишкектин туруктуу өнүгүшүнө маанилүү кадам болот”, — деп белгиледи ал.

Андан соң баш министр Ю. Абдрахманов атындагы көчөдө жайгашкан “Алга” спорттук комплексине барды. Спорт комплексинин жалпы аянты 7,4 гектарды түзөт. Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт: ФИФАнын стандарттарына жооп берген 3000 орундуу футбол стадиону, 142 орундуу мейманкана, 90х60 көлөмүндөгү эки машыгуу аянтчасы, 34,1×19 м көлөмүндөгү көп максаттуу спорт аянтчасы, 41х21 м ландшафттуу аянтчасы бар кичи аянтчалар.

Кабинеттин төрагасы борбор калаанын бардык тургундары үчүн заманбап, жеткиликтүү спорттук базаларды түзүү зарылдыгына токтолду.

“Спорт ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу керек жана мындай комплекстер сергек жашоо образын жайылтууга жана жаңы спорттук таланттарды аныктоого жардам берет”, — деп белгиледи А. Касымалиев.

Баш министр Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун Кичи аренасына да барды. Стадион 5 миң көрүүчүгө ылайыкташып, имараттын жалпы аянты 15 миң 452 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана унаа токтотуучу жай менен жер төлөдөн турат. Учурда металл конструкцияларын монтаждоо, ширетүү, тышкы инженердик тармактарды куруу, канализация жана газ куурларын тартуу иштери жүрүп жатат.

Адылбек Касымалиев таанышуу ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, бардык объектилердин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул долбоорлорду ишке ашыруу Бишкектин келечегине инвестиция болуп саналат. Алар экологиялык абалды жакшыртууга, спортту өнүктүрүүгө, ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүүгө жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошууда», — деди ал. Ал борбор калаанын мэрине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине аткарылган иштердин сапатына жана курулуш мөөнөттөрүнүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыздоону тапшырды.

Сыргак Эсенбек

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар