whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЧүй, Ысык-Көл жана Нарын аймактары таза суу менен камсыз кылынат

Чүй, Ысык-Көл жана Нарын аймактары таза суу менен камсыз кылынат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоого арналган. Макулдашуу “Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы айыл калктуу конуштарында суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоону карайт.

Аталган гранттык макулдашууга ылайык, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду 300 миң кувейт динары өлчөмүндө (болжол менен 1 миллион АКШ доллары) каражат бөлөт. Бул каражат долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жана баштапкы долбоордук иштерин даярдоого жумшалат.

Долбоордун негизги максаты — Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасын жакшыртуу. Ошондой эле, долбоор республика боюнча суу секторун өнүктүрүүгө жана санитария тармагындагы артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө багытталган.

Бул демилге региондордогу калктын жашоо шартын жакшыртууга, айрыкча таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана экологиялык коопсуздукту жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар