whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик катчы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасына арналган форумга катышты

Мамлекеттик катчы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасына арналган форумга катышты

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасына арналган биринчи форумга катышты.

Маалыматка ылайык, Марат Иманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын бай тарыхын, мамлекеттүүлүккө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин атап өтүп,  тынчтыгын сактоо үчүн армиянын коргоо жөндөмдүүлүгү чыңдалып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле таалим-тарбия жана билим берүү чөйрөлөрү көңүл чордонунда экендигин жана президент Садыр Жапаровдун ырааттуу саясаты аркылуу кыргыз эли биримдикте өнүгүүгө карай багыт алып жатканын айтты.

Жазуучуларга кайрылып, агартуучулук ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, элибиздин мекенге болгон сүйүүсүн жана улуттук түпкүлүгүн таанып-билүүсүн күчөтүү максатында “Менин Кыргызстаным” аттуу китеп жазууну сунуштады.

Форумда салттуулук менен модернизациянын айкалышына, ошондой эле президенттик «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол доктринасынын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү руханий негиздер, коомдун биримдиги жана жарандардын жоопкерчилиги сакталган шартта гана мүмкүн экенин баса белгилешти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар