Башкы беткеЖогорку Кеңеш30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду

30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду

30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңешке “Ыйман нуру” партиясынын тизмеси боюнча депутат болду. Тиешелүү чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 5-июндагы жыйынында кабыл алынды.

Муратбеков партиянын тизмесинде мандатынан ажыратылган Султанбай Айжигитовдон кийин турган.

Ал 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2016-жылы Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 2020–2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан кийин Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

Тактап кетсек, Табылды Муратбеков 2021-жылкы парламенттик шайлоодо “Ыйман нуру” партиясынын тизмесинде 5-орунда турган жана шайлоо учурунда 2 миңге жакын добуш алган.

Жаңы депутатка күбөлүк жана төш белгини БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров тапшырды.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар