whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаЖумабек ЖАИЛОВ: "Айыл чарба жана агроөнөр жай мамлекеттин колдоосуна алынды"

Жумабек ЖАИЛОВ: «Айыл чарба жана агроөнөр жай мамлекеттин колдоосуна алынды»

Өлкөдө приоритеттүү тармактар, өзгөчө айыл чарбасы жана бүтүндөй агроөнөр жай комплекси мамлекеттин колдоосуна алынды, ЕАЭБде бул тармакта эң жеңилдетилген салык системасы киргизилди. Андан тышкары   бирдиктүү жер салыгын төлөө жана аны төлөөгө 2030-жылга чейин мораторий жарыяланды. Машина-трактор станциялары жана айыл чарба соода-логистикалык борборлору салыктан толугу менен бошотулган.

Асыл тукум малды, үрөндүк материалдарды, минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки заттарды, мал жана канаттуулар үчүн тоюттарды импорттоо кошумча нарк салыктан бошотулду. Мунун баары айыл чарба тармагын инновациялык негизде өнүктүрүүгө, асыл-тукум малдын санын көбөйтүүгө, айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө, экспорттун көлөмүнүн өсүшүнө, азык-түлүктү керектөөдө импорттук көз карандылыктын төмөндөшүнө алып келди. Учурда республика 9 социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын ичинен картошка, жашылча-жемиштер, эт жана сүт азыктары, кант керектөө боюнча өзүн өзү толук камсыздайт. Акыркы жылдары тармакта импортту алмаштыруучу иштердин негизинде өсүмдүк майын кайра иштетүүчү, канаттуулар чарбасы жана эгин өндүрүү тармактары  өнүгүп, өсүмдүк майы, жумуртка, буудай жана нан азыктары боюнча импортко көз карандылык кыйла  төмөндөдү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар