whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ 300дөн ашуун чет элдик студенттин визасын жокко чыгарды

АКШ 300дөн ашуун чет элдик студенттин визасын жокко чыгарды

АКШ 300дөн ашуун чет элдик студенттин визасын жокко чыгарды. Мамлекеттик катчы Марко Рубио алардын Израилге каршы акцияларга катышып, антисемитизмге айыпталганын билдирди.

«Биз бул визаларды билим алуу үчүн бергенбиз, ал эми университет кампустарын баш аламандыкка салуу үчүн эмес», — деди Рубио WDR телеканалынын маалыматына ылайык.

Бул чечим президент Дональд Трамптын антисемитизмге каршы жарлыгынын негизинде кабыл алынды. Ошондой эле, мамлекеттик департамент өлкөнүн коопсуздугуна каршы аракеттерге барган чет элдиктерди депортациялоо укугуна ээ.

АКШ бийлиги Колумбия университетин антисемитизмге каршы чара көрбөгөндүгү үчүн 400 миллион доллардык каржылоодон ажыратты.

Жакында түрк аспиранткасы Румейса Эзтюрктүн кармалышы чоң резонанс жаратты. Ал университетин Израиль менен байланыштарды үзүүгө чакырып, палестиндердин геноцидин таанууну талап кылган. Reuters маалыматына караганда, ал азырынча өлкөдөн чыгарылган эмес.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар