Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз-тажик парламенттеринин кызматташтыгы чыңдалат

Кыргыз-тажик парламенттеринин кызматташтыгы чыңдалат

Президент Садыр Жапаров 9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөнүң Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысы сүйлөшүүлөрдүн алдында парламенттин жаңы имараты менен таанышып, андан соң ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүү жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Рустами Эмомали Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын Башчысынын сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташтык үчүн жаңы багыттарды ачарын баса белгиледи.

Рустам Эмомали  тажик тарап парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле парламенттик комитеттер менен достук топторунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен парламенттер аралык диалогду чыңдоого өзгөчө маани берерин жана бул багытты мамлекеттер аралык алакалардын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын белгиледи.

«Кыргыз тарап эки мамлекеттин тынчтыкта, коопсуздукта жана туруктуулукта өнүгүшүнө багытталган шарттарды тажик тарап менен биргеликте түзүүгө толук чечкиндүүлүктү карманат», — деди мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн жана элдин бакубаттуулугу үчүн парламенттер аралык гана эмес, мамлекеттер аралык өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жакшы негиз болоруна ишеним билдирди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар