Жаратканымдын тартуулаган 21-июнь — жыл ичиндеги күндөрдүн эң узак күнү, табияттын берекесин ашык берген керемет күндөрдөн эмеспи. Дал ушул ыйык күнү, Америка Кошмо Штаттарында жашаган мекендештер — Кыргызстандын кадырлуу жергеси Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылынан чыккан кулундар — биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп, жүрөк ышкысы менен бир дасмалдан даам сызып, бир тилек менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жолу да ынтымак шеринеси Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы Таластын токойлоруна үндөш келген, табияты жагымдуу, кооз бир сейилбагында өткөрүлдү.
«Алыста жүрсөк да, журтубуз, жерибиз, элибиз журөгүбүздө» деген асыл тилек менен 60–70 чакты айылдаш, үй-бүлөлөрү менен жыйналып, салттуу кыргыздын ынтымак чакырган шеринесин кайрадан жандандырышты. Бул жыйын — улуттук уңгуну, ата-бабалардын изги жолун жаңы муунга аманат катары өткөрүп берүүгө болгон аракеттин жандуу даңазасы десем жаңылышпайм.
Кара мал союлуп, тай казан кайнап, буудай жыттанган айылымдын Апам бышырган боорсогунун жытын жыттантып, бешбармак сыяктуу улуттук тамактар жайнатып жайылды. Самоор түтөп, сейил бакты ээлеген жытка балдардын күлкүсү, кыз-келиндердин ыр-бийлери менен элдин шаттыгы кошулуп, бир күн эмес, бүт өмүр бою эстен кетпес ажайып элеске айланды.
Ушул жыйындын негизги демилгечилери айылыбыздын ардактуу аксакалдары — Абай, Абакир, Субан, Сейит акелерибиз — төрдүн көркүнө көрк кошуп, ак баталарын берип, жыйындын салтанатын арттырышты. Акелерибиз Америка жергесине үй-бүлөлөрү менен бир нече жылдар мурда келип, отурукташып, кийинки муундарга өз насааттарын беришип, айылыбыздын өсүшүнө өз салымдарын кошуп келишкен сый-урматка жетишкен инсандардан.
Бул зор иш-чаранын башкы уюштуруучусу Улан Абдыжапаров айылыбыздын төбөсү көрүнгөн уулдарынын бири. Убагында Кыргыз мамлекетинин өсүшүнө дагы өз салымын кошуп, Корея мамлекетинде бир нече жылдар бою эмгектенип, азыркы учурда үй-бүлөсү менен Америка жергесинде кызмат кылып, ар кырдуу иш-чараларды уюштуруп келет. Ошону менен бирге эле, уучубуз кур эмес экен Манастын кырк чоросундай болгон жигиттерибиз: Сейит, Айдар, Бакболот, Марат, Баяман, Малик жана башка бир катар жаш жигиттер баштаган жоон топ — мекенге болгон сүйүүсүн иш менен далилдеп, эл оозуна алынарлык деңгээлде шеринени жогорку уюшкандык менен өткөрүп беришти. Алардын демилгеси менен аркан тартыш, тушоо кесүү, ортого түшмөй, волейбол, селкинчек тебүү, жипте секирүү сыяктуу оюн-зооктор менен уланып, улуу-кичүү дебей баардыгы активдүү катышты.
Өзгөчө бир жагдайга токтолсок: айылыбыздын сыймыгы, кыргыз балбандыгынын үлгүсү, көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү, элдин батасына татыган Жумакулов Субан акебиз өз небереси — Баяман уулу Халиттин тушоосун кести. Бул салттуу маданият жаш балдардан тарта улуу муунга чейин баарына кубаныч тартуулап, сыйлыктар менен коштолду.«Атаны көргөн — ээр токуйт, энесин көргөн — тон бычат» демекчи, Субан акебиздин уулу Баяман да атасынын балбандык жолун улап, күрөш айдыңында кыргыздын намысын коргоп, Америкадагы таймаштарда биринчиликти бербей келет. Ошону менен катар эле, өз элине болгон сүйүүсүн иш жүзүндө көрсөтүп, соопчулук иштерди улантып, чоң компанияны ийгилик менен жетектеп, мекендештерге үлгү болуп жүрөт.Тушоосу кесилген Халит уулубуз да чоң атасы Субандан, өз атасы Баямандан ашкан балбандын тукуму атыгып, аккан арыктан суу агат дегендей элдин батасын алган, кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан уулдардын бири болушун баарыбыз тилейбиз. Утурлай, Халиттин таята-таенелери дагы куда-сөөк катары келип, аруу тилек ак баталарын бергени сый-урматка татыйт.
Мына дал ушундай өзгөчөлүктөр Кыргызстандын маданиятын дүйнөнүн башка маданияттарынан айырмалап, өзүнчө бир уникалдуулугу менен өзгөчөлөнтүп турат. Азиянын арстаны аталган, дүйнөлүк техниканын туу чокусуна жеткен Япониядан, калкы бир жарым миллиарддга чамалаш, туш тараптан дүркүрөп тездик менен өсүп-өнүгүп жаткан Кытайдан, экономикасы мыкты уюшкан, саясаты стабилдүү Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле, дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу держава атыккан — Америка Кошмо Штаттарынан Кыргыз маданияты эмнеси менен айырмаланат деген суроо жаралса, анда ага жооп, чындыгында жөнөкөй экенине дагы бир ирет ынандым: Кыргыз маданияты — бул көчмөн турмуштун сөз менен башка улуттарга жеткизе алгыс терең философиясы эмеспи. Ал бешиктеги наристеден тартып, акылман аксакалдарыбызга, ак дил энелерибизге чейин муундан-муунга өтүп келген, жазылбаган улуттук мыйзамдардын, салт-санаасынын жана өзгөчөлөнгөн тарбиянын жандуу көркөм баяны. Мындай маданият — табият менен эзелтен келе жаткан бийик гармониянын үлгүсү, ата-бабалардан мурас болуп калган түбү чексиз руханий кенч. Бул — кылымдарды карыткан көчмөн элдин жан дүйнөсүн, табият менен шайкеш жашоо образын, улууга урмат кылып, кичүүгө ызаат көрсөтүп, кыз-күйөөсүн сыйлаган түбөлүктүү руханий баалуулуктарын сактап калган маданияты дейт элем.
«Төркүндүн төбөсү көрүнгөндө, кыздын жүрөгү дүкүлдөйт» дегендей, мен да Ынтымак айылынын мөлтүр суусун ичип, жүрөгүмдөн чыккан ырларын ырдап, балалыгымды бал кылган ушул куттуу жерде чоңойгом. Мектеп партасынан алгачкы таалим-тарбия алган билим ордом — мурдагы “Калинин”, кийин “Эшимбек Капалов” атындагы орто мектеп мен үчүн жүрөккө жакын, ыйык билим кербен сарайы бойдон калды. Ушул алтын уяда, өз мезгилинде менин таятам — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл агартуунун отличниги, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, белгилүү математик-мугалим Аман Кушубаков жаш муундарга сабак, тарбия берген. Ошондой эле, жарым кылымга чамалаш мугалим, мектеп директору болгон, мыкты уюштуруучу, агартуучу — Тургун Жантаев атабыз да ушул билим уясына улуу мурас калтырып кеткен экен.
А менин балалык күндөрүмдө багыт берип, таалим-тарбиянын жарык жолун көрсөткөн улуу мугалимдердин элеси бүгүн да көз алдымда тургандай:
- Калима Бекбердинова эжем — Манастан баштап Жусуп Баласагынга, Махмуд Кашгариге чейин акыл-ой казынабызды ачып, ар бир сапты жүрөккө түбөлүк калыпта жаттаткан;
- Алымбүбү Сариева эжем — доскага кооз жазган ар бир тамгасы менен билим шамын тутанткан;
- Майрам эжем — Менделеев таблицасынын химиялык реакцияларын үйрөтүп, республикалык олимпиадага чейин жетелеген химия устатым;
- Кубанычбек жана Замир агайларым – математиканы көңүлдө жаңылбай чыгарууга үйрөткөн мыктыларым;
- Асымбек жана Нуркул агайларым — физикадагы табият кубулуштарын түшүндүрүп, ойлонууга үйрөткөн агайларым;
- Бегай жана Көкөн эжелерим — өз убагында немис тилинин кооз дүйнөсүн ачып беришкен;
- Жеңиш жана Айша эжелерим, Аман жана Нурек агайларым — орус тилинин татаалдыгын, тереңдигин, улуулугун жана көркөмдүгүн тең туюнткан асылдарым;
- Анара эжем — дүйнөдөгү жан-жаныбардын жаратылышын тааныткан мугалимим;
- Жолдошалы агайым – Жер жүзүнүн географиясын, ар бир мамлекеттин отурукташкан ордун жана абалын үйрөткөн агайым;
- Кыздаркүл эжем — кыргыз тилинин ар бир тыбышын терең талдап, жат жазууну катасыз жазууга, адабиятты көркөм окууга көндүргөн;
- Ырыскан эжем — сайма, курактын түрлөрүн үйрөткөн кол өнөрчүлүк устатым;
- Жылдыз эжем, Нарынбек жана Максат агайларым — дене тарбия сабагында чыйрактыкка, ынтымакка тарбиялаган;
- Акин жана Тилек агайларым – дүйнөлүк тарыхты тастыкташкан мыктыларым;
- Ал эми, баса белгилей кетүүчү Ашымбек Капалов агайым — тарых сабагын макал-насаат менен көркөм баяндап, күн сайын эки-үч жолу акыбалыбызды сурап турган, жүрөгүбүзгө жакын болгон класс жетекчим эле.
Бул асыл адамдардын ар бири менин жүрөгүмдө сакталуу. Алар билимге болгон сүйүүмдү ойготуп, бийик тоонун эдельвейс гүлүнө жетүүгө, жашоонун акыйкат каймагын жыйноого шыктандырган насаатчыларым болду. Аларга болгон терең ыраазычылыгымды ушул шерине аркылуу жүрөгүмдөн чыккан таза сезим менен дагы бир жолу билдиргим келет.
Айылым менин— алтын тамырым,
Элим менин— уюткулуу уңгум,
Мектебим менин —алтын уям,
Жерим менин— ыйык жаратманым.
Ааламга баштаган жол дал ушул Ынтымак айылымдан, мектебим Алтын уямдан башталган! Бар болгула менин Асыл мекендешим, агай-эжелерим, жердешим,айылдашым, курдашым!
Терең урматым менен, Чет элдик өз кабарчы,
Санта Томас университетинин докторанты
Керемет Келсинбек
21-июнь, 2025-ж., АКШ