Кыргызстанда жер титиреди

0
178

16-апрелде таңкы саат 05:57де Кыргызстан аймагында 4,4 магнитинде жер титиреди.

Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу 1 чакырым тереңдикте жайгашып, бул өтө тайыз көрсөткүч катары бааланууда.

Жер титирөөнүн эпицентри Кыргызстандын аймагында болуп, Конорчок айылынан 18 чакырым түндүктө, Чолок-Кайыңдан 16 чакырым түндүк-батышта жана Баетовдон 28 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Конорчок жана Чолок-Кайың айылдарында 3,5 балл, Кош-Булак, Жаңы-Тилек жана Баетовдо 3 баллга жеткени маалымдалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз