Социалдык фонд маалымдагандай, Министрлер Кабинети 13-апрелде пенсиялык топтомдорду ипотека жана дарыланууга пайдалануу боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Алар 2026-жылдын 24-апрелинен тарта күчүнө кирет.
№244 токтомго ылайык, жарандардын пенсиянын топтомдук бөлүгүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди жана каражат алуу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык:
- жарандар пенсиялык топтомдорун ипотекалык насыяларды жабууга же оор ооруларды дарылоого бир нече жолу пайдаланууга укук алышты;
- мурда мындай төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгүнө чектөө коюлган болчу;
- эми үлүштүк курулуш аркылуу турак жай сатып алууда каражатты келишимдин түздөн-түз катышуучулары гана эмес, алардын расмий никедеги жубайлары да пайдалана алат.
Жаңы эрежелер пенсиянын топтомдук бөлүгүндө 50 миң сомдон жогору каражаты бар жарандарга тиешелүү.
Ошондой эле арыз берүү процесси санариптештирүүнүн алкагында жеңилдетилди. Социалдык фонд керектүү документтерди мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу өз алдынча алып, жарандарды кагаз түрүндөгү маалымкаттарды чогултуу түйшүгүнөн бошотот.
Толук маалымат алуу үчүн жарандар Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат.
