Кыргызстанда Nestlé компаниясынын айрым балдар тамактарынын партиялары соода түйүндөрүнөн кайтарып алынууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Nestlé группасынын расмий дистрибьютору ОсОО Forester NAN 1 OPTIPRO, NAN OPTIPRO 2, NAN EXPERTPRO, NAN 2 OPTIPRO, PRENAN жана NAN LACTOSE FREE товардык белгилериндеги айрым кургак, тез эрий турган сүттүү, каймактуу жана лактозасыз азыктарды белгилүү өндүрүш даталары боюнча кайтарып алуу иштерин баштады.
Бул чара алдын алуу максатында көрүлүүдө. Аталган азыктарда цереулид деп аталган потенциалдуу токсин болушу мүмкүн экени айтылып, ал кусуу, диарея жана аллергияга окшош белгилерди жаратышы ыктымал.
Ата-энелерге продукциянын аталышын жана өндүрүш датасын кылдат текшерип, кайтарылып жаткан партияларга туура келген учурда колдонбоо жана расмий дистрибьюторго кайтарып берүү сунушталат. Соода түйүндөрүнө болсо бул партияларды сатуудан алып салуу тапшырылды.

