Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун быйыл жазында Вашингтондо өтө турган кеңешмесинде Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу долбоору кенен талкууланат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматка киришкендеги 100 күнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде билдирди.
“Ушул ири долбоорду ишке ашыруу аркылуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө жана улуттук экономиканын күн санап өсүп жаткан керектөөсүн энергияга болгон муктаждыгын канааттандырууга шарт түзүлөрүн бекем далилдейбиз. Андан тышкары, биз өнөктөштөрүбүздү жана потенциалдуу инвесторлорду Камбар-Ата 1-ГЭСи жөн гана энергиянын булагы эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы жана маанилүү фактору экендигине ынандырууга ниетибиз бекем”, — деди А. Касымалиев. Баш министр өнөктөштөргө жана потенциалдуу инвесторлорго каржылоо маселесинен тышкары долбоорду ишке ашырууда экологиялык жактан коопсуз заманбап технологияларды колдонуу зарылдыгын да так айтыла турганын кошумчалады
Кабинеттин төрагасы А. Касымалиев Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун чоң жыйынына катышуу менен чектелбей, жазгы сапар учурунда Кыргызстандын эл аралык рейтинги боюнча маселелерди да көтөрө турганын билдирди. Ал ири жана таасирдүү рейтинг агенттиктери менен жолугуп, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ырааттуу экономикалык өсүш жана реалдуу мүмкүнчүлүктөр тууралуу толук маалымат бере турганын маалымдады.
“Биз Кыргызстан экономикалык реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, рынок институттарын бекемдеп жаткан, бизнес үчүн мыкты шарттарды түзүүгө жарактуу, эл аралык мамилелерде жоопкерчиликтүү мамлекет, ишенимдүү өнөктөш экенин көрсөтүүгө тийишпиз. Биздин өлкөдөгү жагымдуу өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн анык көрсөткүчтөрү биздин башкы аргументтер. Көрсөткүчтөр менен цифралар туруктуу өнүгүүгө жана калктын жашоо-турмушун жакшыртууга карай ишенимдүү баратканыбызды айгинелеп турат” — деп баса белгиледи А. Касымалиев.