Улуттук тарых музейи – байыркы доордон азыркы күнгө чейинки миңдеген уникалдуу жана кайталангыс табериктерди топтоп, сактап жана даңазалап жайылтып келе жаткан Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири.
Ал мазмунунун тереңдиги, фондусунун байлыгы, мезгилинин узактыгы жана өтө кызыктуу тарыхы менен кеңири таанымал.
Алгач музейлер өлкөдө өзүнчө институт катары Совет бийлиги орногондон кийин гана негиздилип жана өнүгө баштаган. 20-кылымдын башында улуттук мурастардын атайын жайын түзүү зарылдыгы курч тургандыктан, 1925-жылы, 9-декабрда Кыргыз Автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинде Абдыкадыр Орозбековдун жетекчилигинде өткөн Президиумунун отурумунда, музей түзүү тууралуу токтом кабыл алынып, эки жыл ичинде Борбордук музей түзүлгөн.
1927-жылы 5-мартта Борбордук музей М.В.Фрунзенин үйүндө биринчи көрүүчүлөрүн кабыл алган. Экспозиция кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, жаратылыш байлыктарын сактоого жана көрсөтүүгө ылайыкталып түзүлгөн. Музейде алгач эки: тарыхый-табигый жана тарыхый-этнографиялык бөлүм иштеген.
Борбордук музейдин биринчи директору жана негиздөөчүсү көрүнүктүү окумуштуу, этнограф С.М. Абрамзон болгон.
Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1933-жылдын 20-мартындагы токтомунун негизинде Мамлекеттик Борбордук музей Кыргыз ССРинин Эл агартуу комиссариатына караштуу Мамлекеттик чөлкөм таануу музейине айландырылган.
1936-жылы музей Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин алдындагы илим Комитетинин карамагына өткөн. Кийин, СССР илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалына карап, 1943-жылдан тартып Улуттук маданият музейи болуп өзгөргөн жана жаңы өнүгүү жолу башталган.
СССР илимдер академия-сынын Кыргыз филиалынын Президиумунун 1954-жылдын 10-апрелиндеги токтомуна ылайык, Улуттук маданият музейи Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тарых музейи макамын алган. Ал илимдер академиясынын курамында 1963-жылга чейин иштеп турган. Андан соң Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомунун негизинде, 1963-жылы 7-майда Тарых музейи республиканын мада-ният министрлигинин карамагына толук өткөрүлгөн.
1967-жылы Кыргыз илимдер академиясынын (Пушкин көчөсү, №78 үй) мурдагы имараты, 1927-жылы курулган алгачкы өкмөт үйү музейге берилген. Музейдин жалпы аянты 570 чарчы метрден – 5000 миң чарчы метрге чейин, ал эми экспозициялык аянты 379 чарчы метрден – 3840 чарчыга чейин кеңейген.
1973-жылдын 28-декабрында музейдин тарыхында жаңы туруктуу экспозиция ачылган. Андагы 45 залга Кыргыз мамлекетинин байыркы таш доорунан баштап, XX кылымдын 80-жылдарына чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 миң даана түп нускасы коюлган. Ал экспозиция убагында илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбордук Азиядагы музейлердин эң мыктыларынын бири болгон.
КПСС Борбордук Комитети 1981-жылы майда, Фрунзе шаарында саясий жактан абдан маанилүү, партиянын илимий-агартуу жана идея-лык-тарбиялык иштерин жөн-гө сала турган мааниси зор В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалын куруу чечимин чыгарган.
Музейдин ачылышын ККАОнун түзүлгөндүгүнүн 60-жылдыгына карата 1984-жылы бүтүрүү каралган. Кыргыз ССРинин курулуш боюнча Мамкомитетинин тапшырмасы боюнча “Киргизгипрострой” инситутунун долбоору менен 1981-жылы 2-октябрда курулуш иштери жүргүзүлө баштаган.
1984-жылы 12-октябрда Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын Компартиясынын 60 жылдыгына карата өткөрүлгөн мааракелик иш-чаралардын алкагында В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалы ачылган.
Музейдин эки кабатында жайгашкан негизги экспозициясы – 3 миңден ашык түп нуска жана көчүрмө документтерден, музей предметтеринен туруп, композициянын мааниси – В.И.Лениндин өмүрү менен ишмердүүлүгүн, революциялык кыймылдын жаралышын, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүн жана өнүгүшүн, СССР жана Кыргызстандагы социалисттик коомдун курулушун чагылдыруу болгон.
1990-жылдары СССРдин кыйрашы менен постсоветтик өлкөлөрдө чоң саясий-маданий өзгөрүүлөр жүргөн.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин, илимий-тар-биялык мааниси чоң музей тармагы өнүгө баштаган. Улуттук тарыхый-маданий мурастарды, тарыхый чыгаан инсандардын өмүр-жолдорун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин ишмердүүлүгүн жайылтып, коомго кызматын уланткан.
1991-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи, Бишкек шаарындагы В.И. Лениндин Борбордук музейинин филиалынын имаратына көчүрүлгөн.
1992-жылдан тарта Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхын чагылдырган экспозиция түзүү иштери башталган.
Б.э.ч. II миң жылдыктан тартып – азыркы замандын XX кылымына чейинки мезгилдин аралыгын камтыган зор илимий-документтик мааниси бар материалдар жана коллекциялардан “Кыргызстандын тарыхы байыркы доордон – XX кылымга чейин” аталыштагы темада туруктуу экспозициясы этап-этап менен жасалган.
2018-жылы 5-февралда Президенттин Жарлыгы жана өкмөттүн токтому менен музейге “Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи” макамы берилген.
Ага удаалаш музей толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 2022-жылы 19-ноябр-да илимий мазмуну кеңейтилген музей көрүүчүлөргө ачылган.
Музей жаңыртылгандан кийин туруктуу көргөзмөдөгү бөлүмдөр жалпы 6 тематикалык түзүмдөн, 31 темадан 113 подтемадан 191 комплекстен туруп, эң көп түп нускадагы тандалган 4 миңге чукул уникалдуу экспонаттар көргөзмөгө коюлган.
Музей негизделген күндөн бери, Кыргызстандын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын чагылдырган археология, этнография, андан кийин совет доору жана Эгемендүү Кыргызстандын тарыхы бөлүмдөрүн камтыган уникалдуу экспозициялык топтомдору аркылуу калкыбызга бай тарыхыбызды даңазалап, маданиятка зор салымын кошуп келет.
Кыргыз элинин көөнө тарыхынын жана руханий байлыгынын айкын далили болгон коллекциялардын түп нускалары бир канча жолу Германия, Япония, Түркия, Франция, Швейцария, Финляндия, Кытай жана Россиянын аймактарына чыгарылып, көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан мамлекеттик масштабдагы иш-чаралардын жана эл аралык кызматташтыгынын алкактарында – Венгрия, Казакстан, Кытай, Монголия, Азербайжан, Өзбекстан жана Россия Федерациясында сейрек музей буюмдардан түзүлгөн мыкты көргөзмөлөр ачылган.
Москва, Баку, Астана, Алматы, Ташкент, Улан-Батор, ж.б. көптөгөн чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияларга, форумдарга, симпозиумдарга, ж.б. иш-чараларга улуттук музей үзгүлтүксүз катышып, кызматташтыктын алкагы кеңейүүдө.
Эгемендүү Кыргызстандын мамлекеттик маданий казынасына, улуттун таберигине айланган, миңдеген экспонаттардын мыкты үлгүлөрү сакталган музейдин руханий азыктандыруучу мурастардын жайы катары башкы багыттардагы жана ишмердүүлүгү ийгиликтүү уланууда.
Өмүрбек САМУДИНОВ,
музейдин билим берүү-агартуу,
илимий-усулдук иштери жана китепкана
бөлүмүнүн башчысы