whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек

Арстан жүрөк алп акын

Кыргыз эл акыны, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын ээси Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгы менен кыйла жакындан тааныш болсом да бүгүнкү күнгө чейин агайдын дарегине эки ооз жылуу сөз айтып коюуга бурчам келбеди. А өмүр дегениң өтө берип, кумир туткан таланттарыбызга учурунда айтылбаган сөзүбүз арман болуп кала берди. Анын   чыгармачылыгы боюнча  эки ооз жылуу сөз айтуунун удулу 80 жылдык маарекесине туш келип олтурганына да Кудайга миң мертебе шүгүр! 

Анатай Өмүрканов – эки доордо жашап, орошон поэзиясын эки доордо жаратып, бактылуу карылыктын дооруна маңыздуу да, мактанычтуу да келген акын. Ар бир таланттын чоң адабиятка келишинин кичине болсо да тарыхы, себеби, башаты болот. Анатай агайдын поэзиясына кайрылып жатып, анын колуна калем карматып, алгачкы ыр саптарын жаратуусуна кандай күч себеп болду экен деген ойдо болдум. Адатта кээ бир чыгармачыл инсандар  ал тууралуу ачык айтып, ал турсун чыгармаларында чагылдырып кетишет.

Канча  жолу жылдыз санап ойлонттуң,
Канча жолу мышык-чычкан ойноттуң.
Кайсы убакта ? Чыгып кетти эсимен,
Капысынан акын кылып ойготтуң…

(Т.Кожомбердиев. “Кызыл алма” ыр жыйнагы 1965-109-б.).

А.Өмүркановду кандай күч акындыкка алып келип, колуна талант чырагын жандырды экен? – деген  суроонун жандырмагын  акындын алгачкы  ыр жыйнактарынан: “Мөлтүр  сезим” (1973), ”Чабалекей”   (1977), “Алтын өзөн” (1980), “Күн жол” (1983), ”Бар бол” (1986), ”Жашыл өрөөн” (1988) издеп тапкансыдым. Менин баамдашымча, ал нерсе кантсе да  туулуп-өскөн айылы, Ата-Мекени, ата-энесинен алыста жүргөн жаш уландын, эң жакын адамдарына, өз үйү-өлөң төшөгү кыргыз жерине  болгон албуут сагынычы, кусалыгынан жаралгандай…(Окурмандын бардыгына эле белгилүү болсо керек, Анатай агай  ЖОЖду  бүтөөрү менен  Тажикстандын Мургаб айылына  мугалим болуп иштөөгө өз каалоосу, жаштык романтикасы менен  барган). Жаш таланттын поэтикалык дүйнөсү улуу Памирде кырдаалга жараша  илхом чакырып, талант дареметинин  толук күүгө келишине себепкер  болгондой деген ой келет.

Акындын ХХ кылымдын 70-80-жылдардагы жазган ырлары совет доорунун беймарал мезгилине окуучусун алып келерин байкадым. А.Өмүркановдун ал мезгилдеги ырларын маанай ырлары деп атагым келди. Албетте, акындын жаш болсо да турмуш чындыгына зирек караган, адилет, актыкты сүйгөн, ырларына агынан жарылганы ал жараткан ар бир саптан байкалып, анын чыгармачылык индивидуалдуулугунан кабар берет. Ошол алгачкы же чыгармачылыгынын биринчи этабын түзгөн поэтикалык изденүүсүндө кийинки залкар акын Анатай Өмүркановдун поэзиясынын өзөгүн түзүп, анын чыгармачылыгынын башкы темасына айланган Ата-Мекен, ата-эне, арзуу ырлары өзгөчө бөлүнүп турганын баса белгилегим келет. Алар ошол күндөн ушул күнгө күүлүү жашап, кыргыз поэзиясынын классикалык чыгармаларына айланып олтурат. Мынакей алардын айрымдары: ”Энекем”,”Мен алыстан сагынганда апамды”, ”Атакем”, ”Атам түндө караган”, ”Атамдын керээзи”, ”О,эненин кудурети”, ”Апам ооруганда”, ”Тууган жерге”, “Памир тоолоруна”, “Тоодогу бир элес”, ”Ош түнү”,“Ак тилек”, ”Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат”, ”Кетпейм сага жолукмайынча”, ”Жандай көргөн адамым”, “Суктануу” ж.б. Аталган ырларына музыканттар сонун обондор чыгарышып, калктын калың катмарына сиңип кетти.

А.Өмүркановдун бул жылдардагы лирикалары идеялык-тематикалык жактан эле эмес, формалык жактан дагы ошол мезгилдеги кыргыз поэзиясынан айырмаланган эмес, кадимки эле салттуу ыр формасында жазылган. Ал кезде жаңыдан “модага”алынып бара жаткан  ак ыр, эркин ыр  формаларында жазып, эксперимент да кылбаптыр. Алар тек кана жаш акындын дүйнө таанымын, чыгармачылык кредосун окурманга  тааныткан жайдары, салмактуу саптар болгон. Алардагы граждандык пафос да оор басырыктуу, публицистикалык күчтүү илептер да ал мезгилдеги советтик элдин жашоо жагдайы кандай болсо ошого шайкеш, бир кылка. Балким жашоо- шартыбыз ошол бойдон бир нукта, советтик нукта дегеним, улана берсе  Анатай акын да оор басырыктуу мүнөзү менен оор басырыктуу ырларын жазып, советтик акындардын салабаттуу сабында келе берет беле, ким билет?

Эгемендүүлүк элибизге асмандан Алланын буйругу менен түшүп калгандай күтүүсүз окуя болду. Жаңы коомдук, экономикалык формацияга өтүү  мамлекетибиз үчүн да, элибиз үчүн да кыйла оор түйшүк жаратты. Ага кошумча мамлекетти башкарууну эл ишенип берген алгачкы, кийинки президенттерибиз өлкөнү саясий-экономикалык туруктуулукка алып келе алышпады. Бул кырдаал акын-жазуу-чуларыбыздын жан-дүйнөсүнө тынчтык бербеди ,алардын ар кимиси колдорунан келишинче, талант дареметтеринин жетишинче учур көйгөйүн  өз чыгармаларында чагылдырышып, багытынан адашып, айла- амалы куруп турган элдин көзүн, көкүрөгүн ачууга аракет кылышты. Ошолордун арасынан А.Өмүркановдун акындык дүбүртү башкача чыгып, ырларында жылаўач чындык чыркырап турду.

Нак ушул эгемендүүлүк жылдарында акындын хандан бектен кайра тартпаган кашкөйлүгү, жеке кызыкчылыктан коомдук, элдик кызыкчылыкты жогору койгон ченемсиз патриоттугу, адамдык, инсандык аппак дили, жубардай таза адамгерчилиги, абийир- нысаптуулугу окуучусун бир эсе таң калтырса, бир эсе “бали!” дедиртип ыраазы кылды, активдүү граждандык позициядагы курч лирикаларын жазды. Анын поэзиясында лирикалуулуктан публицистикалуулук басымдуу боло баштады.

Нак ушу шартта акындын ыр жыйнактарынын атында да, затында да чукул бурулуш болду: ”Жанкисе”.”Күндөгү так”, “Асмансыз жылдыздар”,”Тушалган чагылган”,”Жалгыздык  ыры”, ”Кайрыктар”. Метафоралашкан бул аталыштар окуучусуна көп нерседен алдын ала кабар берип, анын көңүлүн тап жылдырбай өзүнө тартты.

Акындын поэтикалык кароолунда биринчи маселе болуп улуттук тилибиздин тагдыры турду, тилге байланыштуу маселелерди акын катуу, курч жазды, улуттук намысыбызга тие жазды:

Кыргызча бир сөз билбей,
Кыргыздардын тагдырын чечип жаткан.
Кыргыз менен маңкурт бирдей,
Энесине жаа тарткан.

Акындын жогорудагы ж.б. ырлары эгемендүүлүк мезгилиндеги  акындар Э.Ибраев,Ш.Дүйшеевдердин тил тагдыры жөнүндөгү хорунда ансамбль түзүп турду.

Акын эгемен өлкөнүн алдыңкы жылдарындагы көйгөйлүү жашоосун чагылдырып коюу менен чектелбейт, ал жашоого алып келген коомдук турмуштун объективдүү, субъективдүү себептерине баш оорутуп, чыныгы себептерин издейт, активдүү граждандык позициядан туруп, экономикалык-нравалык кризистен адамдарды, мамлекетти чыгаруунун жолун издейт. Калп айтканда эмне, адамдык жүзүн жоготпой, эл мүдөөсүн ойлонуп, бийликке жакшы-жаман көрүнгөндүн ордуна чындыкты айтуудан чычая качып, өз кызыкчылыгы үчүн адилетсиз бийликтин колтугуна кирип кеткен Арзымат ырчыларыбыз да болбой койбоду. Бирок да Анатай  акын андай пастыкка барбады. Тескерисинче “Алыбекти атынан атап”, чындыктын ак боз атын минип, канжарын абийирине кайрап, адилетсиздик, акмакчылык менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турду. Эч нерседен коркподу, жалтанбады, кайра артына кайтпады.

Нак ушул жылдары акындык, атуулдук кашкөйлүгү А.Өмүркановдун беделин болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Ушунун өзү акын үчүн канчалык сыймык! Анын “Обком чалдар”, ”Кыйкырамын келечекке, эртеңге”, ”Жан кашайганда”, ”Оо, кудурет үйү күйүп үмүттүн”,”Хан аз күлөт дечү эле”, ”Ушул күнгө ким апкелди”, ”Канталамай”, ”Уулуң кана?”, ”Күндөгү так” ж.б. ырларында ошо кездеги президент Аскар Акаевдин аты ачык аталып, анын жетекчилигинде өтүп жаткан жетесиз иштер  болуп көрбөгөндөй курч сындалды.

Арты туман, алды туюк,
Күн апкелдиң  түрү суук.
Энесин кыз муунтуп,
Келесоону гений дешкен
Корооздордун күнү тууп…

Бул ырдагы саптын башы жана аягындагы көп чекиттер айтылып-айтылбай калган көп армандан кабар берет. Автор дале көп маселени айтып жобураса болмок, бирок да сөз баркын билген тормозу бекем талант ары жакта айтылбаган көп сөз калганын көп чекиттер менен туюнтат.

Анатай Өмүркановдун эгемендүүлүк жылдарындагы поэзиясы  – албуут, курч, демдүү, тазарткыч касиетке ээ ырлар. Акын көркөм сөз каражаттарынын бай арсеналын: диалог, реплика, сарказм, ирония, риторикалык кайрылуу, риторикалык суроо, бай эпитет, салыштыруу, пауза, какшык ж.б. ыктуу, чебер  колдоно билет, алар болсо өз учурунда  акындын поэзиясынын кайталангыстыгын, эмоционалдуулугун камсыз кылат. Ырларынын идеясы айкын, тарбия-таалимдик мааниси күчтүү. Өз чындыгы эле эмес, мезгил талап кылып турган чындык үчүн башын сайып күрөшүүгө дайым даяр.

Элге боор толгоп, болдум оорулуу,
Баш аламан базар үнү болду уу.
Кармап кетээр караңгыда келгендер,
Токтогулду кармап кеткен сыяктуу.

Миң кармасын, келет менин камалгым,
Абакта да калк деп кайраттанаармын.
“Жан берсең элден азап кетет десе”
Ошол замат  жан берүүгө даярмын! Минтип эли-жерин чексиз сүйгөн улуу акын, Адам гана айта алат!

Менин баамдашымча, азыркы кыргыз поэзиясында Өмүркановчо башын баталгыга сайып коюп, бийликтеги, коомдогу өнөкөт ооруга айланып бараткан адилетсиздикке, акмакчылыкка  каршы тикеси менен тик туруп ырааттуу каршылык көрсөткөн, күрөшкөн акындар  деле болгон жок. Бакиевдин кандуу жылдарында да тилин тартып, бийликке тизе бүкпөдү. Кийинки А.Атамбаевден да  элдин тумшугу жылыбаганын көргөн акын, ”Эс ойготор” ырлар циклин жазып, элибиздин аң-сезимин ойготууга күч жумшады, ар бир ырында агартуучулук милдетин ак аткарды. Ошондуктан  акындын:

Айтылбастыр, мүмкүн кээде айтылаар,
Мен мезгилге коңгуроодой кагылдым.
Ар ырымдын үтүрүндє тагдыр бар,
Ар сөзүндө тамыры бар жанымдын.

Күн кечирдим, коюнума таш катпай,
Алоолодум кол жетпеген максаттай.
Ташбараңга алчуну тик карадым,
Ташбакадай таштонума баш катпай, – деген акындын өз чыгармачылыгы туурасындагы поэтикалык резюмесинде эч калет жогуна окуучусу ишенет.

Жогорудагы акындын чыгармачылыгы туурасындагы азыноолак ой-пикиримди жыйынтыктап жатып акырында  айтаарым, эл үнү болуп, чын дилден, атуулдук сүйүү менен Ата-Мекенине, адамзатка ак кызмат кылган Сизге таазим, арстан жүрөк алп акын, улуу талант, бар болуңуз!

Кыстырма: Биздин макалабыздын тышында акындын арзуу лирикалары, төрт саптары, поэмалары, ата-эне, Ата Мекенге сүйүүсү, арноо ырлары ж.б. кала берди. Алар тууралуу да өз учурунда окурмандары, адабиятчы, сынчылар көптөгөн жылуу пикирлерин айтышкан. Анатай акындын өзү, чыгармачылыгы жана чыгармалары тууралуу дагы айтылчу сөздөр алдыда.

Лайли ҮКҮБАЕВА,
филология илимдеринин доктору,

профессор

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар