whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМосквада шаарды билбеген таксисттерге айып пул салынат

Москвада шаарды билбеген таксисттерге айып пул салынат

Москванын мэри Сергей Собянин шаарды билүү боюнча аттестациядан өтпөй калган таксисттерге айып салуу боюнча мыйзамды жактырды. Тиешелүү документ борбор калаанын мэриясынын жана өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган.

Жаңы мыйзамга ылайык, аттестациядан өтпөй калган таксист 5 миң рубль айыпка жыгылат.

Аттестацияда транспорт инфраструктурасынын, маданият, медициналык, билим берүү жана спорт объектилеринин жайгашкан жери, мамлекеттик органдардын жайгашкан жери жана аларга кирүүчү жолдор, өзгөчө кырдаалдарда аракеттер, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу эрежелери боюнча билими текшерилет.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 1-мартынан тарта Москва шаарындагы бардык таксисттер аттестациядан өтүшү керек.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар