whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыСултан Сулеймандын ролу менен таанылган түрк актёру Халит Эргенч соттолду

Султан Сулеймандын ролу менен таанылган түрк актёру Халит Эргенч соттолду

«Керемет кылым» сериалында Султан Сулеймандын ролу менен таанылган түрк актёру Халит Эргенч соттолду.

Сот Эргенчти 2013-жылы Стамбулдагы Гези сейил багына байланыштуу иш боюнча жалган көрсөтмө бергени үчүн күнөөлүү деп тапты. Наразычылык акциясына бийликтин сейил бакты кесип, анын ордуна соода жана оюн-зоок комплексин куруу чечими себеп болгон.

Айыптоо корутундусунда тергөөчүлөр Эргенчтин нааразылык акциясында жашырынып жүргөн айыпталуучулар менен байланышы болгонбу деген суроого жооп тапканы айтылат. Актёр күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Эргенч бир жыл он жарым айга эркинен ажыратылды. Бирок мурда соттолбогондуктан жана соттук отурумда ызааттуу жүрүм-турумунан улам, өкүмдү аткаруу кийинкиге жылдырылып, актёрго өкүм боюнча даттанууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар