whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку КеңешСоттолгондор жогорку кызматка барууга тыюу салган мыйзам ЖКда колдоо тапты

Соттолгондор жогорку кызматка барууга тыюу салган мыйзам ЖКда колдоо тапты

Жогорку Кеңеште президент, министрлер кабинетинин төрагасы кызматына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына мурда соттолгон же кийин соттуулугу жоюлган, кылмыш иштери кыскартылып кеткен талапкерлердин катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бул мыйзам соттуулугу жоюлган жарандарга саясий кызматтарга келүү, депутат болуп шайлануу укугун чектеши мүмкүн экенин айтты.

«Азыр сиздер сунуштап жаткан долбоор, кокусунан мушташып, урушуп иш козголуп калса, бирок тараптар өз ара келишип алып иш кыскарса деле депутат боло албай калат экен. Биз андай адамдардын укугун чектеген жокпузбу? Эмдиги жылы шайлоо болот, азыртадан эле өзүңөргө ыңгайлуу талапкерлерди элеп жатасыңар деген сөздөр айтыла да баштады. Бизде сот системасы кынтыксыз эмес. Сот чечимине нааразы болгондор көп»,

-деди

Ал эми УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу мыйзам сотто толук акталгандарга тиешелүү эмес экенин белгиледи.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар