УТРКнын концерттик залында өткөн адабий сынчы, акын жана прозаик Камбаралы Бобуловго арналган “Аппак өрүк” аттуу адабий музыкалык кечеге Сейит Жетимишев, Миталип Мамытов, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Сыртбай Мусаев, Асан Жакшылыков, Эсенбай Нурушев, Нуркан Турсунбаев, Жолборс Жоробеков баштаган акын-жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар, Камбаралы Бобуловдун аталаш инилери жана карындаштары катышты.
Камбаралы Бобулов Ноокат жергесинде төрөлүп, атадан алтоо: төртөө эркек – Бакир, Алан, Амирали, анан Камбаралы, экөө кыз – Жаннат, Урмат. Атасынын теги – баргы. Энеси Айкан сөзмөр аял болгон. Жазуучу Мурза Гапаров менен классташ.
Мектеп жашынан калем кармап, алгачкы чыгармасы – «Айлуу түндө күйгөн от» аңгемеси 1954-жылы, он сегиз жашында «Жаш ленинчи» журналында жарык көргөн. Мына ошол “от” Камбаралы Бобуловду өмүр бою коштоп жашап, ал кезинде оттой жалбырттап, жалындап сүйлөдү, оттой ысык сүйдү жана өзүнөн кийинкилерди оттой жалындап күйгөнгө, өзүн бүтүндөй арнап сүйгөнгө үйрөттү. “Жалындап сүйлөп” дегенде – анын эгемендиктин алгачкы жылдарында легендарлуу парламенттин депутаты катары улут үчүн, тил үчүн күйүп-жанып сүйлөгөн сөздөрүн эстеп жатабыз. Кайран киши трибунага чыкканда ыйлап жаткан бала тып басылгандай сезилер эле, анткени баарыбыз Камбаралы Бобулов эмнени айтаар экен деп күтүп калчубуз.
Анын студент кезде эле жазган «Оморчулук деген эмне?», «Азыркы адабий сын жөнүндө пикир», «Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө мүмкүнбү?..» деген адабий сын макалалары адабий чөйрөдө чоң резонанс жараткан. Камбаралы Бобуловдун замандашы Сейит Жетимишев “Камбаралынын “Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө болобу?” сын макаласынан кийин көп жылдарга чейин эптеп эле тийди-качты ыр жазып, адабиятка баш багып атак-даңк тапкысы келген, өзүн ашкере таланттуу сезгендердин деми басаңдап, адабият ар ким эле келип, кол сала турган ырыскы эмес экенин түшүнүп калган. Кайран досум бир макаласы менен ондогон жылдарга халтуранын жолун бууган” дейт.
Биз да университетте “Адабий сын” сабагында Камбаралы Бобуловдун адабий сын макалаларын окуп, аларды талдап калдык. Бобуловдун сын макалалары башка сынчы-адабиятчылардан ой жүгүртүүсүнүн чабытынын кенендиги менен айырмаланаар эле. Ал кайсы жазуучунун чыгармаларына токтолуп, аны талдоого албасын, башкалар элес албаган, көрө билбеген нерселерди көрө билгени, өзгөчө ой айта алганы ага гана мүнөздүү өзгөчөлүк болчу. Өзү Ноокатта төрөлүп, элетте өскөн менен, ой жүгүртүүсү башкача эле, биздин улуттук аң-сезимден өйдө көтөрүлүп, обого учуп кеткендей туюлчу. Камбаралы Бобуловдун “Ыманбайчылык…” туурасындагы адабий сын макаласынан кийин Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасындагы” романын окусаңыз, Түкөң бүтүндөй доордун полотносун тарткан, Ыманбай аркылуу энөө да, баео да, ак көңүл, эч кимге жамандык ойлобогон, тоо суусундай таза, тоодой кенен, нукура кыргыздын образын ачкан чоң талант экенин, М.Шолохов, М.Ауэзов менен бир катарда турарын баамдайсыз. Бул да болсо адабиятчынын тапкычтыгы, чыныгы талантты көрө гана билбестен, аны ача да билгени эмеспи.
Адабий чөйрөдө К.Бобуловдун адабиятчылык өнөрүнө: “…Бери эле дегенде биздеги үч алптын – Алыкул Осмоновдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, жалпы эле улуттук көркөм адабияттын тарыхына, анын өнүгүү жолдоруна абай салып, аңтарып көргүсү келген киши Камбар акенин макалаларын, илимий эмгектерин кыйгап өтө албайт. Айрыкча балапан түгү түшө элек кезде жазган «Оморчулук –турмуштук көрүнүш» (баштапкы аталышы – «Оморчулук деген эмне?»), «Ыманбай жана кээ бир зыяндуу ата салттар» аттуу макалалары адабий сынга социалдык маңыз берген кадыресе жаңылык болгон” деп баа беришет.
Замандашы Сейит Жетимишев Камбаралы Бобуловдун “Түштүктүн кызы” повести – түштүк кыздарынын жүзүн ачып, жүрөгүн ойготуп, дем берди. Ордунан козгоду. Ушундан кийин жүздөгөн, миңдеген түштүк кыздары билимге, илимге умтулуп, алардын арасынан ондогон, жүздөгөн окумуштуулар, илимпоздор чыкты деп эсептейт.
Элүүнчү жылдардын аягы алтымышынчы жылдардын башында Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жарык көрүп, андагы жаш жазуучунун алгачкы повесттеринин чоң талкуу жаратып, алгачкылардан болуп Чыңгыз Айтматовду коргоп чыккан да Камбаралы Бобулов болгон. Адабиятчы Эсенбай Нурушев мындайча эскерет: “…1958-жылы күздө Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгү (декадасы) өтөт. Анын «башкы каарманы» Чыңгыз Айтматов болот. Жазуучунун ошол жылы абройлуу «Новый мир», «Октябрь» журналдарында жарыяланган «Жамийла» жана «Бетме-бет» повесттери союздагы адабий алтандардын, көркөм сындагы көйкашка ысымдардын жакшы апаздарына арзыйт, Мухтар Ауэзовдун айтылуу «батасын» алат.
Он күндүктүн жүрүшүндөгү адабий талкуу-таңаштарга катуу таасирленип кайткан Камбар аке «Жамийланын» жаңычыл жактарын кенен-чонон териштирип, «Махабат баяны» деген ат менен көлөмдүү макала жазат, аны өзү иштеп жаткан «Ала-Тоо» журналына бастырмакчы болот. Аңгыча Айтматовдун эки повести тең биздин ошо кездеги адабий билермандарга, дөө-шааларга идеясы жагынан өтө эле өөн сезилип, өгөй-татай сөз чыгарат. Кай бирөөлөргө кан күйгөн майданда жүргөн күйөөсүн таштап, башка бирөөнү ээрчип кеткен Жамийладай жалп этек келиндер кыргыздын жолой-жосунунда эзели жолукпаган өрөскөлдүктөй көрүнөт, ал эми «Бетме-бетте» дезертир, мекен чыккынчысы баш каарман болуп алынганы адабий салтта жок жорук деп кабыл алынат.
Иши кылып, эки чыгармадан тең көңкү кыргызга көлөкө түшүргөн, ага кылапат келтирген идеялык кыяпат табышат. Айтматовду «төө бастыга» алган ошондой жыйындардын биринде жыйырмадан ашуун киши жалаң жер сабап, жекирме абазда сүйлөшөт. Болгону эки адам – айтылуу адабиятчы К.Асаналиев менен ушу Камбар аке гана – жалпы агымга каршы туруп, эки повесттен улуттук кесипкер көркөм адабият жаңы баскычка, жаңы деңгээлге чапчаң көтөрүлүп чыкканын көрсөткөн жаңы көрөңгө жөнүндө айтышат.
Ошо жыйындын капшабы тийип, Камбар акенин «Жамийла» жөнүндөгү жаңкы макаласы «Ала-Тоо» журналына чыгып жаткан жеринен алынып салынат. Аны редколлегия мүчөлөрүнө беришет, алардын баары аны тетири баалашат. Ошо менен макаланын кендири кесилет.
«Жеңишкерлер» эки ай өтпөй – 1959-жылы февралда – кайрадан «төөматек» жыйын-га камына башташат. Камбар аке ошондо баягы жарабай калган макаласын кыскарта чаап, «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, маркум Суванбердиевдин тымызын тилин таап, бастырып жиберет. Ал кезде бу гезитке жарыяланган ар кандай макала партиялык ырасмий позиция катары карала турган, ага каяша кылуу кыйын болгон. Ошентип, отузга чыгып-чыкпай жатып адабий ооматы жүрө баштаган Айтматовду, ага кошуп адабият аксакалдары менен акыйлашып, аларга акыл үйрөткөн «чычкак улак» жаш сынчы Бобуловду торпок кезинде биротоло торойто чаап салгысы келгендер оозунан келмеси түшүп, шалпайып отуруп калышат”.
Камбаралы Бобулов Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле “Правда” гезитинин Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болгон. Улуу муундагылар билет, 1963-1965-жылдар убагында “Правда” гезитинин кадыр-баркы укмуш болгон, ал эми анын кабарчысы канчалык бакылдап сүйлөп, ичтегисин жашырбай айткан жалындуу адам болгон менен ошончолук жөнөкөй бойдон кала берген.
Агасы Бакирдин уулу Бексултан Бакиров Камбаралы агабыз алты жашынан кат таанып, менин атам Бакирдин согуштан жазган каттарын ата-энесине окуп, кайра агасына кат жазчу экен деп эскерет. “Ал шаарда жашаса да, айыл-ападагы жакшылык-жамандыктан калчу эмес. Кандай болбосун, өзүнүн ары туугандык, ары пенделик парзын аткарганга сөзсүз аракет кылчу. Достору менен айыл-апага көп каттап турду. Жалил Садыков, Жолдошбай Абдыкалыков, Эрнис Турсунов баштаган акын-жазуучулар менен июль-август айларында келип, айылда бир жума-бир жума жүрүп кетчү. Кайран агам адамдын оюндагыны айттырбай билген кыраакы адам эле. Ичинде таруудай да кири жок бапыраңдаган адам болгондуктан, аны айылда да абдан сыйлашчу. Дос-тамырлары да аябай көп болчу. Түз, кылычтай шартылдаган курч адам болгонуна карабастан, ага тартылып турчу” деп эскерет.
Камбаралы Бобуловдун жердеши, белгилүү нейрохирург Миталип Мамытов «Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын», “Мекеним барда, мен бармын, Мекеним барда Камбармын”, «Кыргыздын кыргыздан башка жоосу жок, Кыргыздын Ала-Тоодон башка тоосу жок» деген учкул сөздөрү атпай журтубуздун эсинде сактала берерине ишенет.
Адам турмушу дайыма эле бир калыпта ага бербейт, Бобуловдун башынан да армандуу күндөр өткөн экен. Адабиятчы Осмонакун Ибраимов Бобулов эки балалуу болуп, элге-журтка төбөсү көрүнүп, Чыңгыз Айтматов менен сырдаш болуп,
Москвада аспирантурада окуп жүргөн кезинде «Правда» гезитине кабарчы болуп дуулдап, илебине нан бышып турган учурунда үй-бүлөлүк турмушу бузулганын, ак эмгеги менен курган ак сарайына терең жарака кетип, ак эткенден так этип жүрүп баш кошкон ак никелүү келинчеги башка жолду тандап, башка адамга арзыганын айта келип, “Ошентип Камбаралы ага бара-бара акын болуп кетти. Болгондо да негизинен сүйүү темасын жазган чоң акын болду. Сүйүүдөгү тазалык менен актыкты, берилгендик менен асылдыкты жазды. Бирок жүрөгүнүн тээ тереңинен жанар тоо сыяктуу жарылып чыккан ырларынын башкы темасы – ак сүйүүдөн айрылуу, жаны бирге жарынан тирүүлөй кол үзүү эле. Канчалык канатын керип, мекен, эл-журт жана башка темаларды жазса да, айланып келип эле акындын акыл-оюн биротоло ээлеген негизги проблема – сүйгөн адамын жоготкон эр жигиттин шору менен муңу, айрылуунун азабы менен тозогу болду. Ошол арзып тапкан адамынан тирүүлөй ажырагандагы уйкусуз түндөрдү, ички сырларды, керек болсо ак жаздыкка төгүлгөн көз жаштарды жазды Камбаралы Бобулов. Ошол тирүүлөй ажыраган ак сүйүүсүн Лалахан деп атап, Лалаханын атактуу Лейлиге, өзүн Мажнунга салыштырды Камбаралы ага. Өзүн бактысыз махабаттан улам жашоосун соолуткан Мажнунга салыштырып жүрүп, өзү да өмүрүн кыскартты Камбаралы Бобулов. Сүйүүдөн өмүр жаралат деген кеп бар эмеспи, бирок сүйүүдөн өлүм да жаралат окшобойбу, кээде ажал да алдыдан тооруйт белем…
Бул дүйнөдө сен барсың да мен бармын,
Күбөсүбүз арманы көп жылдардын,
Тузум ичип, ак тузума түкүргөн,
Жүзү кара, ыйманы жок шумдардын.
Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын.
Сен энеси, мен атасы балдардын,
Эч күнөөм жок, тагдырында алардын,
Өмүр бою балдарым деп жалбардым.
Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын,
Азабыңдан чачы агарган Камбармын.
Кыйын кезде сен карабай кетсең да,
Лалахан деп, ырларымды арнадым, – деп жазды Камбаралы акын.
Бул трагедиядан Камбар ага арадан отуз жыл өтсө да эч бир оңоло албады. Тескерисинче, убакыт өткөн сайын ал трагедиянын уусу ого бетер тула боюна тарап, акыры акынды катуу ооруга чалдыктырды. Президент Аскар Акаевдин жеке тапшырмасы менен эки жолу оорусу күчөп турган кезде кабар да алдым. Анан калса чын дилимден сыйлаган жан агам, экинчи жагынан адабият майданында үзөнгүлөш коллегам эле. Бирок ал кезде иреңи күзгү чөптөй кубарып, баягы толуп-ташкан Камбар аганын сөлөкөтү гана калган кези экен. Ар нерсени сүйлөп, киши тааныбай калыптыр кайран киши. Тез эле а дүйнө салды… Акыл-эстүү Акация жеңенин (экинчи аялы) айтканына караганда, көзү өтүп баратканда да айтканы “Майрам” болуптур.
Ошентип жалындуу акын, чоң патриот, кыргыз элинин мыкты уулдарынын бири Камбаралы Бобулов ак сүйүүнүн, азаптуу махабаттын курманы болду. Кыргыз поэзия-сындагы чыныгы Мажнун, чоң адабиятчы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов 2003-жылы узакка созулган оорудан каза болду. Дарыгерлер жакшы эле аракетин жасады, дартынан айыгып кетишине баарыбыз эле жардам эттик, бирок эч бир дары, эч бир улукман Камбаралы аганын жүрөк оорусун, көкүрөгүндө зилдеп кеткен оор дартын айыктырууга күчү жетпеди. Анткени ал оорунун эч бир дарысы да, дабасы да жок эле…” – деп эскерет.
Ушундай. Камбаралы Бобулов турмушта кандай залкар адам болсо, сүйүүдө да дал ошондой залкар бойдон кала бергени анын улуулугунун күбөсү эмей эмине.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»