Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында билдирди. Ошондой эле, бүгүнкү күндө транспорт жана жол тармагындагы абалды кылдат талдап, реалдуу көйгөйлөрдү ачык айтууга убакыт жеткенин, анткени Президент Садыр Жапаровдун бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Бакыт Төрөбаевдин маалыматына ылайык, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай ири каражаттын эсебинен акыркы 5 жылда 3 048 чакырымдан ашык жол жана жасалма курулмалар курулуп, 2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Көп жылдан бери созулуп келген бир катар жолдордун курулушу ордунан жылды.
Транспорт тармагында болсо, жалпысынан 523 млн. 534 миң сом киреше түшкөн. Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы жүк ташууда 2025-жылдын 6 айында 4 млн. 958 миң тоннаны түздү.
“Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен республикалык жана эл аралык автоунаа жана темир жолдорунун курулушу ишке ашырылып жатат. Биз бир канчасын мисал келтирүү үчүн гана тизмектедик. Жол тармагындагы алгылыктуу иштер мындан да арбын. Алардын ар бири – олуттуу жетишкендик. Айтылган ийгиликтер – биринчи кезекте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин жыйынтыгы. Транспорт жана жол тармагынын мындан аркы өсүп-өнүгүшү да дал сиздердин жигердүү ишмердигиңиздерден көз каранды”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Туура, стратегиялык мааниге ээ болгон ички жана эл аралык транспорт жолдорунун сапатын жакшыртуу багытында ири иштер аткарылып жатат. Жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо аркылуу аймактар ортосундагы байланыш күчөп, калктын ары-бери каттоо мүмкүнчүлүгү жакшырды. Бул өзгөрүүлөр элдин жашоосуна түздөн-түз таасир берип, экономикалык өнүгүүгө да түрткү болууда.

Жол тармагы
Жол тармагына башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулуп, үстүбүздөгү жылы жалпы 1152,6 чакырым жол оңдоо пландалды. Анын ичинен 1 миң чакырымга асфальт төшөө жана оңдоо иштери каралды.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча унаа жолдорунда 369,7 чакырым жолго асфальтбетон төшөлдү. Анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 81 чакырым, капиталдык салымдардын эсебинен 237,4 чакырым, ал эми инвестициялык долбоорлор боюнча 51,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Аткарылган жумуштардын көлөмү былтыркы 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу асфальт төшөө иштери 187,2 чакырымга же болбосо 2 эсеге көп жүргүзүлдү.
Министрликтин алдында бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулушу уланууда. Тагыраагы, Бишкек – Ош, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, Бишкек – Кант, Бишкек – Күнтуу – Шопоков, Лебединовка – ГЭС 5, Арашан – Чуңкурчак, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Ош – Баткен – Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Нарын – Баетов, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Базар-Коргон – Арсланбап унаа жолдорунун курулуш иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, инвестициялык каржылоонун алкагында Түп – Кеген, Корумду – Балбай баатыр, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун реконструкциясы жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолун Дыйкан – Кызыл-Жылдыз участогунда жол куруу иштери уланууда. Ошондой эле Бишкек – Ош унаа жолунун 400 чакырымындагы 748 метрди түзгөн туннелдин курулушуна старт берилип, даярдык иштери жүрүп жатат.
Транспорт тармагы
Транспорт тармагында да бир катар маанилүү иштер аткарылды. Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаменти 2025-жылдын 6 айында лицензия жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 523 млн. 534 миң сом киреше түштү. Бул 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу 450 млн. 633 миң сомго көп түшкөн.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы
Жүк ташуу үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде 4 млн. 958 миң тоннаны түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 952 миң тоннага көбүрөөк. Өткөн жылдын алты айында бул көрсөткүч 4 млн. 1 миң тоннаны түзгөн.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – стратегиялык долбоор
Азыркы учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун масштабдуу курулуш иштери башталды. Кытайдын Кашкар шаарынан Өзбекстандын Анжыян шаарына чейин 526 чакырым болсо, ал эми Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304 чакырым. Темир жолдун дээрлик 40 пайызы тоннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат.
Долбоордо 50 көпүрөнү, 29 туннелди куруу каралган. Көпүрөлөрдүн жана туннелдердин жалпы узундугу 119,69 чакырым. Жалпысынан 3 ири туннелдин (Нарын №1, Кош-Дөбө, Фергана туннелдери) курулушу башталды, алардын ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат. “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал” долбоорунун Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу башталгандан бери “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен, 2022-жылдын 31-мартынан тартып Балыкчы – Кочкор темир жолунун 37 чакырымы курулуп бүтүп, жаңы 9 чакырымына жасалма курулуштар жана байланыш иштери боюнча активдүү курулуш иштери жүрүүдө.
“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик ишканасы
2025-жылдын алгачкы алты айында “өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик ишканасынын жалпы кирешеси 158 млн. 936 миң сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 97 млн. 573 миң сомго көбөйдү.
Бул көрсөткүчтүн өсүшү негизинен тоннелдик кызматтардан түшкөн кирешеден улам болгон. 2024-жылдын ушул мезгилинде бул багыт боюнча киреше болгон эмес.
Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл пункттарында төлөмдөрдү чогултуу адам факторунун кийлигишүүсүз «Акжол Софт» программасы ишке киргизилди. Жаңы система пункттардан өтүп бара жаткан айдоочуларга накталай эмес ыкма менен жана алдын ала төлөө менен, башкача айтканда операторлордун катышуусуз төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Мындай масштабдуу иштер жол жана транспорт тармагындагы реформалардын системалуу жүргүзүлүп жатканын далилдейт. Өлкөнүн бардык аймактарын сапаттуу жолдор менен байланыштырган бул аракеттер Кыргызстандын өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ. Калктын мобилдүүлүгү жогорулап, бизнес, соода жана туризм тармактарынын активдүү өнүгүүсүнө жол ачылууда. Жолдордун сапатынын жогорулашы менен коопсуздук деңгээли да жогорулап, жүк ташууларда жана жүргүнчү ташууда чыгымдар азаюуда.
Темир жол инфраструктурасынын кеңейиши, айрыкча Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу – Борбор Азия регионундагы транспорттук хаб болууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, өлкөнүн транзиттик потенциалын күчөтөт. Бул долбоор эл аралык соода агымын көбөйтүп, кошумча жумуш орундарын түзүп, экономикага олуттуу салым кошот.
Ошондой эле санариптик системалардын, алсак, «Акжол Софт» программасынын киргизилиши, айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатып, адам факторуна байланыштуу тобокелдиктерди азайтууда.
Алдыдагы жылдары да бул тармакта ири долбоорлордун улантылышы күтүлүүдө. Бул өлкө жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга, экономикага инвестиция тартууга шарт түзөт.
Сыргак ЭСЕНБЕК

