Башкы беткеСаясат жана коомКоомИран жана Өзбекстандын делегация башчылары Ысык-Көлгө келишти

Иран жана Өзбекстандын делегация башчылары Ысык-Көлгө келишти

14-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга расмий сапар менен бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери келишти. Атап айтканда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов конушту.

Меймандарды аэропорттон  Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 14–15-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу макамындагы мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар