Американын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алам же сатып алам деп опурулуп турган кези. Өткөн апта соңунда НАТОнун баш катчысы Рютте менен жолугушуусунда да ушул максатын ачык айтты. Гренландияны ээлеп алуу аракетин НАТО колдоого тийиш деди президент Трамп. Албетте, Трамптын бул билдирүүсү учурда кызуу талкууланып, АКШ үчүн башка бир мамлекеттин территориясын сатып алуу эски адаты деген аныктамалар байма-бай айтыла баштады.
Негедир төмөнкү тарыхый жана саясий бир нече жагдай бекем айтылбай, көмүскөдө калууда. Эмесе, кечээки окуяларга жана көөнө тарыхка көз чаптыралы.
Биринчиден, сатып алабы же басып алабы, айтор АКШнын лидери Трамп Гренландияны каратып алуу ниетин биринчи жолу айтып жаткан жок. Ал 2019-жылы эле Гренландияны сатып алам деген. Вашингтон менен Копенгаген бир топко кер-мур айтышып, акыры мамлекеттик катчы Энтони Блинкен 2021-жылы Кошмо Штаттар Гренландия-ны сатып алууга кызыкдар эмес деген билдирүүсүнөн соң токтогон. Эми чыр кайрадан козголуп отурат.
Экинчиден, АКШ биринчи жолу Гренландияга көз артып, ээлеп алуу аракетин алгачкы жолу жасап жатканы жок. Эсепсиз байлыкка ээ, стратегиялык мааниси зор Гренландия Вашингтондун делебесин көптөн бери козгоп келет. 1946-жылы эле АКШнын президенти Гарри Трумэн Данияга Гренландия үчүн 100 миллион доллар сунуштаган. Копенгаген анда дароо баш тартып, так кесе жооп берген эле. Бирок анда соода аракети менен чектелип, басым-кысыми жасалган эмес.
Үчүнчүдөн, АКШ сатып алуунун эсебинен территориясын кеңейтүү практикасын колдонгон жалгыз өлкө эмес.
Туура, АКШ азыркы территориясынын 40 пайызын башка мамлекеттерден сатып алганы анык. Мисалы, 1803-жылы Кошмо Штаттары император Наполеондон Луизиананы 15 миллион долларга, 1819-жылы Испаниядан Флориданы 5 миллион долларга, 1854-жылы Мексикадан 77 миң чарчы чакырым аянтты 10 миллион долларга, 1867-жылы 7,2 миллион долларга баалап Алясканы Россия-дан сатып алган. Территорияны сатып алуу же жерин сатууга мажбурлоо эзелки тажрыйба. Маселен, Осмон мамлекети күчкө толо баштаган кезде, Европаны көздөй багыт алганда 1354-жылы Гелиболуну басып алат. Византия Осмондорду Гелиболудан чыгып кетүүгө чакырып, аймактарды сатып ала турганын билдирди. Бирок, Осмон султаны Орхан Гази буга көнгөн эмес.
Султан Мурад Европадагы аймактарды каратуу менен бирге Анадолуда да өзүнүн ээликтерин кеңейтүүнү уланткан. 1354-жылы Ахилер бейлиги колундагы Анкараны багындырган Осмон мамлекети алгач Хамид бейлигинен 80 миң алтынга Испарта, Акшехир, Бейшехир, Йалвач, Сейдишехир, Кара-Агач жана Эгирдирди (Анкара менен Анталиянын ортосунда жайгашкан шаарлар) сатып алган.
Төртүнчүдөн, орус басылмалары Гренландияны сатып алуу (же ээлеп алуу) темасы козголгондо, АКШнын мисалын байма-бай кеп кылып, Россиянын өзү да бир кезде Европанын кыйла жерин акчага сатып алганын негедир кеп кылбайт. 1721-жылы күзүндө Ништадт (Финляндия) келишимине кол коюлуп, 20 жылдан ашык созулган Түндүк согушу (орус-швед) аяктайт. Ништадт келишимине ылайык, Лифляндия (Рига шаары менен бирге), Эстляндия (Ревел жана Нарва аймактары кошулуп), Карелиянын теңи, Ингерманландия (Ижор аймагы) ж.б. бир топ аймак Россияга карап калат. Петр I ушул аймактар үчүн Швецияга 2 млн. күмүш акча төлөп, өзү Бүткүл Россиянын императору, ал эми Россия империя аталат деп жарыялаган.
Бешинчиден, Дания эгер Гренландияны сатса, анда ал АКШга биринчи жолу өз аймагын саткан болуп эсептелбейт. Дания буга чейин да АКШга жерин саткан. Тактап айтканда, 1917-жылы Вашингтон 25 миллион долларга Даниялык Вест-Индияны сатып алган. Азыр ал Виргин аралдары деп аталат да эң популярдуу туристтик аймактардын бири.
Алтынчыдан, башка мамлекеттерге таандык жерлерди сатып алуунун эсебинен территориясын кеңейтүү 21-кылымда да токтогон эмес. Былтыр Бангладеш премьер-министри Шейх Хасина Вашингтон Ыйык Мартин аралын сат деп кыйнаганын, Бангладеш бул талаптан баш тартканда өлкөдө массалык каршылык акциялары өтүп, кызматтан ошон үчүн кеткенин билдирген.
Жетинчиден, ири державалардын дүйнөнүн картасын кайрадан чийип, жаңы аймактарга ээ болуу кусаматы токтой турган эмес көрүнүш окшойт деп болжоого болот. АКШ Гренландия эле эмес, калган өлкөлөрдүн аймагы тургай өзүн алгысы келгенин жашырбайт. Мисалы, АКШ Канадага бизге кошулгула десе, Газа секторун сатып алып, бейиштин төрүндөй кооз тилкеге айлантам деди. Калган ири мамлекеттер деле тим калбаса керек, ичинен не бир түркүн айла- амалдарды ойлоп жаткан чыгар.
Сыргак ЭСЕНБЕК