Албетте, жазуучу көркөм чыгармада турмушту чагылдыруу менен аны конкретүү жана ар тараптуу сүрөттөйт. Ал дүйнөлүк адабий процессте болуп жаткан жаңылануулардан четте калбай, өздөрүнүн чыгармаларын ошол жаңыланууларга ылайыктап жазып, тажрыйба алышып, улуттук адабиятты өнүктүрүүгө салым кошот жана ар кандай адабий багыттарда да жазып өзүн сынап көрөт. Ошол жаңы адабий багыттардын кыргыз адабиятында орун алышы андагы ийгиликтерибизди, алга жылууну көрсөтүп турат. Ошондой алдыңкы саптагы калемгерлерибиздин бири Арслан Койчиев жаңыча изденүүдөгү чыгармаларын жаратып окурмандарга тартуулап жатат.
Жаңы адабий багыттардын, анын ичинде кыргыз адабиятында адабий өнүгүш мыйзамченемдүүлүктөрүнө, андагы багыттардын өнүгүү тенденцияларына ылайык учурда модернизм, постмодернизм, экспрессионизм, сюрреализм, мистицизм сыяктуу багыттардын орун алышынан көрүнүүдө. Аларды адабий процесстин нугунда карап, теориялык жалпылоодо, илимий анализге алууда жана талдоодо улуттук адабият таанууда К.Асаналиев, С.Жигитов, М.Борбугулов, А.Акматалиев, О.Ибраимов, А.Эркебаев сыяктуу адабиятчы-окумуштуулардын эмгектери жетектөөчү роль аткарганы байкалат. Ал эми бул багытты кеңири аңдап-билүүдө чет элдик окумуштуулардан М.Хайдеггер, Ж.Деррида, Г.Н.Поспелов, В.В.Хализев, Е.М.Болдырева ж.б. сыяктуу окумуштуулардын теориялык жоболорунун орду бар.
Көркөм адабият пайда болгондон баштап калыптануу, өнүгүү, өсүү жолун басып, ар бир элдин адабияты калыптангандан тартып, дүйнөлүк адабияттын деңгээлине жеткенге чейин тутунган принцибине, дүйнө түшүнүгүнө жараша ар түрдүү жолдорду башынан өткөрөт. Адабий процесстин мына ушундай басып өткөн жолуна, өнүгүүнүн тарыхый мыйзамченемине, мезгилге жана мейкиндикке жараша ар түрдүү категория-
лар мыйзамченемдүү түрдө жашайт, көркөм чыгармачылыктын ар бир доорунда, өзүнчө принципке ээ, өзүнчө стилдик кубулушка ээ ар кыл аталыштагы кубулуштар келип чыгат, маселен, көркөм метод, адабий агымдар, адабий багыттар, адабий мектеп ж.б. пайда болот.
Өткөн кылымда өнүккөн адабий багыттар: модернизм, постмодернизм, авангардизм, дадаизм, экспрессионизм, импрессионизм, экзистенциализм, сюрреализм, магиялык реализм (кара романтизм) ж.б. саналат. Маселен, модернизм – адабият менен искусстводогу ХХ кылымдагы түрдүү жаңычыл топтордун жалпы аталышы. Анда классикалык салттуулуктан алыстап, жаңы эстетикалык принциптерди табууга, турмушту чагылдырууда жаңычылдыкка умтулуу бар жана өзүнө импрессионизм, экспрессионизм, сюрреализм, постмодернизм, магиялык реализм ж.б. аталыштагы багыттарды камтыйт. Мындай адабий багыттар кээ бир улуттук адабиятта өнүгүп, алдыга кетип, башка бир адабиятка таасирин тийгизсе, экинчи бир адабиятта өздөштүрүү, таасирленүү мыйзамченеми деңгээлинде жашайт. Улуттук адабиятыбыз да азыркы ааламдашуу учурунда жалпы адабий агымдан четте калбай өнүгүүдө. Ошол авангарддык сапта биз сөз кылуучу жазуучу Арслан Койчиевдин да чыгармалары орун алганы кубанарлык көрүнүш.
Жазуучунун чыгармаларында жалпы адамзаттык баалуулуктар улуттук баалуулуктардан келип чыгарына ачык мисалдар бар. Адамзат азыркы мезгилде архаикалык аң-сезимдин архетиптик моделдерине кайтып жаткан учуру. Арийне, көркөм адабияттын башкы предмети – адам жана анын турмушу. Бирок адам байыртан эле адабияттын негизги предмети болуп калган эмес, алгачкы мифтик чыгармачылыкта адам пендеси жаратылышка баш ийген абалда, экинчи планда көрсөтүлгөн. Бара-бара тарыхый өнүгүү жолунда адам пендеси жогорку аң-сезимдин ээси катары биринчи планга чыкты, бирок дүйнө, табият, коом алдындагы жоопкерчилиги кандай болду деген суроо азыркы мегилдеги заман чакырыктарында кырынан коюлуп турган учурда жашап жатабыз.
Көркөм адабий чыгармачылык искусствонун бир түрү катары популярдуулугунан жанбай келет. Анын идеялык өзөгүн түзгөн көркөм образ – объективдүү чындыкты белгилүү бир эстетикалык идеалдардын позициясында туруп, түздөн-түз кабыл ала тургандай формада, сезимге таасир эткендей конкреттүү түрдө кайрадан жаратуу. Бул болсо көркөм чыгарманын жалпы категориясы, объективдүү турмушту өздөштүрүүнүн өзүнө таандык бөтөнчөлүгү. Образ аркылуу конкреттүү көрүнүштүн түпкү маңызын ачып берүүчү жандуу көркөм картина түзүлөт. Ошентип көркөм чыгармалардагы образдар идеялык жүк көтөргөн кызматы менен белгилүү.
Жазуучу А. Койчиев “Бакшы менен Чынгыс хан” романын магиялык реализм багытында жаратып, анда реалдуу дагы, мистикалык дагы образдарды түзгөн. Адабияттагы мистикалык образ – табияттан тыш, сырдуу, наркы дүйнө жана бул дүйнө менен өтмө катар байланышкан кейипкер. Ал көркөм чыгармада элдик оозеки чыгармачылыктын мотивдери, мифология же диний образдар катары келип, кадимки реалдуу образдардан өзгөчөлөнүп, окурманды жашоонун терең, сырдуу тараптары тууралуу ой жүгүртүүгө ойготот. Биз карап жаткан чыгармада бул Чынгыс хандын арбагынын образына түздөн-түз байланышкан. Мында мистикалык образдын мүнөздөмөсү анын реалдуулукту жана одүйнөлүктү кесип өтүшүнө байланышкан. Чынгыс хандын арбагы адамдар жашаган дүйнө менен аралашат, кээде ага кирип келет. Жазуучу бул образды жаратууда элдик уламыштар жана мифтердеги образдарды (Мисалы, Кыдыр ата, Умай эне ж.б.) тереңдикти жана символизмди берүүдө колдонот. Анткени мис-тикалык образ адам аң-сезиминдеги терең жана жашырын маанилерди берүүдө символ катары келет. Чындыкты башкача түрдө өзгөртүп берүүгө келсек, мистикалык элементтер романда мейкиндик жана убакыттын кадимки тартибин бузуп башкача өңүттө сунушталат. Чынгыс хан түрдүү кылымдарда, жылдарда, айларда жана түрдүү муундагы урпактарына түрдүү мейкиндик алкактарында кезигет, өзү баштаган ата жолун урпактары улантып жатканын көргүсү келет, бирок анын Ыйык йаса жолунан кылымдап тайбай жолдоп келе жаткан урпагы аз, кийин-
ки доорлордогу кээ бир кылымдарга келгенинде андай муундарды таппай да
калат.
Чынгыс хандын бейнеси романда мейкиндик образга кирет жана Хамид Хайруллаев, Николай Аблеухов, Бактыгерей Избасаровдордун реалдуу образдарынан айырмаланып турат. Мында Чынгыс хан бүткүл чыгарманы бир нукка салып турган образ. Анын портреттик сыпатталышы романдын ыргактык жанрдагы өзгөчөлүгүнө ылайык улам кайталанып такталып берилет: “… нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык киши, үстүндө узун этектүү боз чапан, башында ак топу”. Ал бир маалда абага абадай куюлуп кетип, абадан суурулуп чыгат, абага сиңип кетип, абадан калкылдап чыгат, бир оокумда жер бетине аягы тийбей, жерден таяк бою көтөрүлүп, абада каалгып пайда болот. Мындан байкалып тургандай, Чынгыс хандын мистикалык образы чыгарманын башкы идеясынын берилишинде борбордук роль аткарып, туу сыктуу желбиреп башкы ойду кармап турганын көрүүгө болот.
Ал эми анын арбагын кууп, аны идеологиялык кылмышкер катары карап кармай албай жүргөн коопсуздук органынын кызматкери капитан Хайруллаев материалисттик дүйнөнү гана кабылдай алган советтик идеологияга сугарылган каарман. Аблеухов болсо өткөн замандарда бабасы өз атынан баш тарткан, орусча ат коюлган, түшүнүп-түшүнбөй христиан динине өткөрүлүп, чокунуп, орус-ка көз каранды болгон каарман. Ал туруш-турпаты менен орус чиновнигине айланган, өкмөттүн, партиянын камчысын чапкан аткаминер, ата-бабасынын тарыхынан кабары жок, өзүн орусмун деп эсептейт.
Булардан айырмаланып Бактыгерей Избасаров тууралуу айтылчу сөз такыр башка. Чыгарманын “Бакшы менен Чынгыс хан” деген аталышында (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери) деген кошумча аталыштын берилиши да бекеринен эмес. Ал өз жашоосунда көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, согушка катышып, анда туткун болуп, кийин анын азабын тартып, качкын катары жашоо кечирсе да өзүнүн ички эркиндигин, жашоо принциптерин, индивидуалдуулугун сактап калган кашкөй адам. Бактыгерей үч дептер сатып алып өзүнө аян келген ыйык йаса жолун жазат, айтып берген кишиси – кадимки Чынгыс хандын арбагы. Дал ошондой эле кол жазма “Чынгыз-наме” Ташкентте Илимдер академиясынын кол жазма фондунда да турат. Түрдүү доорлордо бул мазмундагы кол жазма канча жолу жазылды болду экен, улуу инсандын аты ашыкча караланып, эл душманы катары көрсөтүлгөн, элдик мурастар зыяндуу нерсе катары четке кагылып, аны алып жүрүүчүлөр куугунтукталган, советтик замандын төбөлдөрү тарабынан коммунисттик партиянын идеологиясына туура келбейт деп табылган руханий жана материалдык канчалаган дөөлөттөр жок кылынды?
Чынгыс хан арбак түспөлүндө кайып дүйнөдөн келип кетип жүрүп дүйнөгө
жайылган көптөгөн урпактарынын ичинен татыктууларын издеп, “Туулбаптыр!” – деп кейип жүрүп татыктуу деп тааныгандары өткөн доордогу Сайчы уул менен кийинки мезгилдеги Бактыгерей Избасаров болду. Белгилеп кетүүчү нерсе, А. Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” (2016) романындагы Бактыгерей Избасаровдун образы жазуучунун “Добулташтык Заратустра” (2022) чыгармасындагы журналист М.Т. образына кайсы бир деңгээлде окшойт. Экөө тең ак көңүл, ачык, шар мүнөзү, чечкиндүүлүгү, кашкөйлүгү, чындык үчүн күрөшкөн сапаттары менен айырмаланышат. Дегинкиси автордун ушул типтеги образ жаратуусу анын “Айта бар менин кебимди” чыгармасынан эле көрүнгөн. Адам болуп жаралган соң ошол Кудай берген сапаттарын сактап, бирөөнү сокур ээрчибей, жан дүйнөсүн угуп, жашоонун баасы, куну бул образдар аркылуу калемгер тарабынан даана ачыкталган десек болот.
Каралып жаткан чыгармадагы учкай берилип, бирок ташка тамга баскандай из калтырган образ – Бакшынын образы. Монголдордун, деги эле Көк Теңирге сыйынган көчмөн элдердин аскерий жүрүштөрүндө согушка кирер алдында арбакка сыйынуу, табынуу, андан колдоо суроо салты болгон. Теңирчиликти тутунган Элбасар хан менен жаңыдан кирип келе жаткан исламды тутунган өзбек хандын бет келишип урушка кирер алдында ата-бабадан келе жаткан салт боюнча Элбасар хан бабалардын Онгонун (арбагын) бакшыга чакыртып, душманды жеңишке колдоо сурайт. Карыган бакшы миң алекеттенип айланып бийлеп, хесе хүүрүн ургулап ак уруп жатып көп күттүрүп келген арбак Мөңкө-Темирдин арбагы экен, аны Элбасарга айтып билдиргендин ортосунда бакшы экинчи бир арбактын келгенин, болгондо да көп даай албай, узак мезгилдер чакырылбай жүргөн Чынгыс хандын өзүнүн арбагы келип калганын көрөт. Бакшылык жөрөлгөсүн күч менен аткарып кубаты кеткен карыя бакшы аны кайлап (көмөкөйдөн үн чыгарып) ырдап урматтап тосуп алууга тили күрмөөгө келбей, бет маңдайында булут басып аягы шилтенгени билинбей зыпылдап жетип келген хандын арбагынын алдына тикесинен сайылып түшүп жан берет, үзүлүп бара жатып: “Арбагына арбагым кошулсун, бирге кетейин”, – деп ниет кылат. Мындан биз чыгарманын аталышындагы эки каарман чын дүйнөдө бириккен тейде болуп, бир рухка кошулган, бир максатты көздөгөн эки дүйнөлүк арбактар катары берилгенин баамдайбыз.
Романдын көркөм сөз каражаттарына келсек, жазуучу чыгармада өз стилине таандык кептик оролмолорду, көркөм троптун жөнөкөй жана татаал түрлөрүн чебердик менен колдонот. Маселен, салыштыруулар, эпитеттер нак кыргыз менталитетинин өзөгүнөн чыкканы көзгө түшөт: көк таштай көгүш көз, тебенээк короздой чокчоңдогон, опсуз коңкойгон мурун ж.б.
Аталган роман композициялык уюштурулушунда ритмикалык роман жанрына кирет. Анда Чынгыс хандын арбагынын жер кыдырып, урпактарына жолугуп жүрүүсү, алардын кийинки тагдырын ойлоп, өзү жашоо эрежеси катары коюп кеткен Ыйык йасанын мыйзамдары менен жашап жатабы, бабалардан калган нарк-нуска сакталуудабы деп тынчсыздануусу берилет. Анын бул убакытка баш ийбеген арасат абалы улам кайталанып берилүү аркылуу романдагы башкы идея кызыл жип болуп өтүп чыгармадагы кайталанган ыргактуулукту жаратат.
Ритмикалык роман – тар мааниде байма-бай кайталанган метрдеги проза болсо, кең мааниде бул ачык кайталанган ыргактагы проза болуп саналат. Дегинкиси, ритмдүүлүк адабияттагы, көркөм чыгармадагы кайсы бир элементтин маал-маалы менен кайталанып берилиши. Кара сөз жанрындагы чыгармада ыргак структура жана кайталануу менен келет. Аталган романда айтымдар, сүйлөмдөр жана контексттик бөлүктөр Чынгыс хан сүйлөгөн кептик каденцияда, б.а. бирдей гармониялуу ыргактагы үн, каармандын харизмалуу сүлпөтү, рухтун (арбактын) өзгөчө күчү менен үндөштүктө берилген. Романдан мисал келтирсек: “мына ошондо мына минтип боздоду. Жети кылым артты карайт, жети кылым алга карайт, жети катмар ааламды өткөрө карайт, “желкесиз калдым беле, катыгүндүкү” деп карайт, жетесин унуткан жалалуулардын көзүнө кантип бир көрүнөт?! Жаңырыгы угулган дүйнөгө жаңырып кантип бир тиет!? Күн тийген жердин кыйырына, ай тийген жердин учуна угулсам дейт аттиң, же алакчы дүйнөгө айкырыгы угулбайт, же аттап анда кире албайт. Мына ушундай караан эле бул караан” (19- ж.б. беттерде). Автор дал мына ушинтип башкы каарманды, болгондо да мистикалык каарманды бизге тааныштырат, романдагы окуялардын жүрүшүндө, сюжеттин өнүгүшүндө бул кайрык улам кайталанып отуруп чыгарманын композициялык уюшулушунда маанилүү ролду аткарат.
Кийинки окуялардын жүрүшүндө ыргактык түзүлүштү камсыздап, романдын окуяларын бир дайранын нугунда аккандай жолго салат.
Советтик доордогу эрежелерге баш ийбеген, эзелки коом жашоосунун көп кылымдык эволюциялык тажрыйбасында калыптанган ата жолу кийинки мезгилдерде өзү чыгарган жасалма эрежелердин туткунунда калган урпактарды канчалык кызыктырат? Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Тарыхый инсан Чынгыс ханга бүтүндөй караланган, аны жан алгыч катары сыпаттаган атты ыйгаруу советтик идеологиянын бир беткей көрүнүшү болгонун тарых мындан ары дагы тастыктай берет. Бирок жакшылык менен бириге албаган элдерди согуш менен бириктирген бул инсандын табышмактуу бейнеси дагы көп кылымдар коомчулуктун кызыгуусун арттыра берери, аны көркөм адабиятта каарман катары түрдүү көз караштардан сыпаттаган образынын жаратылышы дагы да улана берери бышык.
Чынгыс хандын арбагынын дүйнө кезип жүрүшү: “Бир караса калкагар тоону капталдап, Каңгай-Тоону капталдап турат, бир караса аскарлуу тоону капталдап, Алтай-Тоону капталдап турат, бир караса Каңгай-Тоо менен Алтай-Тоонун арасында турат, бир караса эбегейсиз жайылган талаанын – кыпчак талаасы деп коюшчу илгериде, далай жолу айгайлап жоого тийген, далай жоонун белин сындырган бул жерде, ошол талааны үстүндө учуп барат, бир караса калдайган чоң калаа-
нын үстүндө салаңдап турат, бир караса чатыры жапыз, жепирейген сары тамдын эшигин сагаалап турат…” (40-, 230-ж.б. беттерде), – делип улам кийинки бөлүктүн башталышында келип, чыгарманын башкы идеясын, башкы ойду окурмандын эсине салып турат.
Ал эми ошол башкы каармандын “Кааласам – бул жердикмин, кааласам – ал жактыкмын”, – деген сөзү көп мааниде болуп, түз маанисинде бул дүйнөнүн, автордун сөзү менен айтканда алакчы дүйнөнүн бул же тигил жерлерин, аймагын айтса, ал эми өтмө, же кең мааниде жалган (алакчы) дүйнө менен чын (акырет) дүйнөнүн арасында жүргөнүн билдирет.
Өз мезгилинде, жоокердик мезгилде дүйнөнү кылыч менен багынткан Чынгыс хандын мистикалык образынан башка анын идеясын улаган, элдин чыныгы уулу Сайчы уулдун образы – романдагы жаркын образдардын бири. Ал бабалардан келе жаткан нарк-нусканы сактап, ата жолун сактап аны кийинки муундарга өткөрүп берүүдө, ар түрдүү тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан аны эрдик менен улоодо өгөдөй күүчүдөн үлгү алат. Ал кара киши Теңиз-Буканын буйругу менен тили кесилип, сүйлөө кудуретинен ажырап калганына карабастан кыл кыякта күү тартуу аркылуу айткан элге ойлорун жүрөгү менен кабылдап, журтка сөз аркылуу которуп билдирет. Сайчы уул – Чынгыс хан тукумунун ичинен чыккан ата калтырган рухий мурасты, ата намысын баалоочу, анын жоопкерчилигин алуучу инсан: “өгөдөйбү, же өзүнө өзүбү, кимдир бирөө чебелене сүйлөп туру кулагында: “Ай, Сайчы уул! Журтуңдун ат көтөргүс жүгү мойнуңда. Алдагы ызаңды жут, кокуй. Унут. Унута тур, Теңир уулу Чынгыс хандын арбагын чанып, ыйык йаса жолун тепселеген ант ургурлардын кесепетинен ата жолу куулбай, өчүп бараткан чакта, бир Сайчы уулдун кара кишиден чоку талаштыра камчы жегендеги кордугу да кордукпу? Сабырдуу эле немесиң! Оңбойт дебедим беле!” (168-бет). Адамгерчилик, чынчылдык, эрдик менен эл-жерине кызмат кылуу, карасанатайлык менен аёосуз күрөш романда Сайчы уулдун образынын өзөгүн түзөт.
Романда элдик ынаным-ишенимдер, дин түшүнүктөрү камтылган. Теңирчилик ишеними табиятка сыйы-нуу (шаманизм) ж.б. кездешет. Бакшы кара жердин ээси Этукен экеге сыйынып жерди тыңшайт, көк асман менен сүйлөшүп Теңирди тыңшайт, каармандар Алтын кадас, Долоон Бурхан жылдыздарга сыйынат, жол көрсөтүүсүн сурайт.
Жыйынтыктап айтканда, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” романы – саясаттан тыш, чыгармачылык объектиге чындыктын позициясынан караган, ошол эле мезгилде официалдуу айтылганда мистикалык деп аталган, кыргызда кайып дүйнө делген өтмө катар дүйнө менен адамдын байланышы, аны таанып-билүүсү, ата жолун, эл тарыхын туюп-билип аны татыктуу улоо, пенденин жашоодогу жыргалчылыгы жана азабы, тирүүчүлүктүн мааниси туу-
ралуу жазылган чыгарма. Келечекте роман далай талкууларга жем таштап жазуучунун башка чыгармалары менен бирге эле көркөм ой жүгүртүүнүн мыкты туундусу катары окурмандардын колунан түшпөй, оюнан кетпей орун ала турган көркөм жаратман эмгек болуп калат деген ойдобуз.
Гүлина ЖАМГЫРЧИЕВА, филология илимдеринин доктору

