Датук Нур Жазлан Мохамед, Малайзия Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары: «Кыргызстан улуттук жаңыланууга умтулган өлкө»

0
4416

Мен жакында Кыргызстанга расмий сапар менен бардым. Кызыгы, менин сапарым Жогорку Кеңешти таратуу чечимин даярдоо этабына туш келди. Менин сапарым Малайзиянын парламенттик дипломатиясынын алкагында, чет өлкөлүк мыйзам чыгаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Малайзия Парламентинин Сенатындагы (Деван Ракьят) ишмердүүлүгүм башталгандан бери Борбор Азия өл-көлөрүнө үзгүлтүксүз жасаган сапарларымдын жүрүшүндө, мен бир тыянакка келдим: аймактагы мамлекеттер эл аралык аренага чыгууга, ошондой эле глобалдык саясий жана экономикалык процесстерге активдүү катышууга болгон туруктуу умтулуусун көрсөтүүдө.

Мен 2009-жылы Бишкекке келген акыркы сапарымдан бери Кыргыз Рес-публикасы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Алардын эң айкын көрүнгөнү дүйнөдөгү эң ири жана кооз бийик тоолуу көлдөрдүн бири болгон Ысык-Көл аймагы. Мурда начар өнүккөн бул аймак, бүгүнкү күндө Кыргызстандын эл аралык имиджин глобалдык туристтик картадагы жаңы, келечектүү багыты катары стратегиялык мааниге ээ.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграциясын тереңдетүү максаты тастыкталды. Бул, Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюу ниетинде, ошондой эле маданий дипломатияны илгерилетүүдө – кийинки жылы көчмөн мурастын салттарына жана маданияттар аралык өз ара аракеттенүүгө арналган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдануусу аркылуу чагылдырылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен «Ынтымак Ордодо» өткөн расмий жолугушуум өлкөнүн улуттук жаңыланууга жана модернизацияга болгон умтулуусун ачык көрсөттү. Өзгөчө көңүл бурууга татыктуу нерсе – Президент Садыр Жапаровдун Малайзия менен артыкчылыктуу ислам өнөктөш катары кызматташтыкты өнүктүрүүгө карата болгон прагматикалык жана стратегиялык багыттагы мамилеси. Мындай көрүнүш эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Парламенттик шайлоолор жакындаган сайын, Малайзияга окшош мажоритардык шайлоо тутумун киргизүү саясий лидерликти жана натыйжалуу мамлекеттик башкарууну бекемдөө жолундагы олуттуу кадам болду. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү мыйзам добуш берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, талапкерлер менен алардын шайлоочуларынын ортосундагы байланышты күчөтүүгө, ошондой эле шайланган өкүлдөр үчүн так жана легитимдүү мандатты түзүүгө багытталган. Бул чаралар өлкөдө мурда байкалган саясий туруксуздукка өбөлгө түзгөн факторлорду жоюуга чакырылган.

Малайзиялык тажрыйба сыяктуу эле, жаңы шайлоо системасы жеңишке жеткен саясий күчкө мамлекеттик саясатты жогорку ырааттуулук менен ишке ашыруу үчүн туруктуу мандатты камсыз кылат. Мындай туруктуулук институту Малайзия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн зарыл болгон туруктуу, алдын ала айтууга боло турган чөйрөнү камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасынын экономикасы да ургаалдуу өсүш динамикасын көрсөтүүдө, ал акыркы үч жылда ИДПнын орточо 9%ын, ал эми 2025-жылдын алгачкы сегиз айында 11%ын түздү. Эң маанилүүсү, структуралык реформалар жана инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен камсыздалган бул экономикалык өсүштөр өлкөнүн регионалдык туруктуулукту сактоого болгон чечкиндүүлүгү менен коштолууда. Көп жылдык чек ара чыры боюнча жакынкы коңшусу – Тажикстан Республикасы менен тынчтык келишимине жетишүү, үстүбүздөгү жылдын башында тиешелүү документке кол коюу менен бекитилиши маанилүү тарыхый окуя болду.

Аймактык өз ара аракеттенүүгө тоскоол-дук жараткан территориялык карама-каршылыктардын жоктугу, ири инфраструктуралык долбоорлорду тартууга, атап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Кыргызстандын заманбап Жибек Жолундагы келечектүү транзиттик борбор катары позициясын бекемдейт. Бул транспорттук маршрут соода байланыштарын кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, энергетикалык кубаттуулуктар жана сейрек кездешүүчү минералдар сыяктуу олуттуу ресурстарга түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, бул болсо малайзиялык компанияларды Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсүнө тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Малайзиялык жеке секторго Кыргызстандын электроникага, машина куруу жабдыктарына жана кайра иштетилген тамак-аш продуктуларына өсүп жаткан суроо-талабына тез арада жооп берүү, ошол эле учурда Малайзиянын ислам банкинги тармагындагы топтогон тажрыйбасын колдонуу жана адал азыктарынын соодасын кеңейтүү сунушталат – бул багыттарда Малайзия дүйнөлүк рынокто таанылган алдыңкы орундарды ээлейт.

Менин талкууларымдын маанилүү темасы Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз аба каттамдарын түзүү потенциалын талкуулоо болду. Бул каттамдар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы элдик жана маданий байланыштарды толук ачуу жана бекемдөө үчүн зарыл кадам катары каралат.

Буга мисал катары Бишкекте жашаган учурумда мени тейлеген мейманкана кызматкерин алсак болот. Ал Кыргызстандын жараны, бирок балалык жылдарын Малайзияда окуп, тарбияланып өткөргөн. Анын үй-бүлөсүнүн Малайзия менен болгон байланышы жыйырма жылдан ашуун тарыхка ээ: анын чоң энеси Лангкави аралында орус ресторанын иштеткен. Ал Малайзиядан бир нече жыл мурун кеткенине карабастан, малай тилинде эркин сүйлөйт жана ийгиликтүү карьерасын куруп жатат. Бул биздин билим берүү жана маданий алмашууларыбыздын узак мөөнөттүү баалуулугунун айкын далили.

Азыркы геосаясий атаандаштык шартында Кыргызстан менен Малайзия «АСЕАН + Борбор Азия (С5)» кызматташтык моделинин өзгөрүүчү потенциалын көрсөтүүдө. Бул концепцияны Борбор Азия лидерлери глобалдык туруксуздукка каршы туруунун стратегиялык инструменти катары барган сайын алдыга жылдырууда. Кыргызстан үчүн Малайзия жана АСЕАН менен кызматташтыкты тереңдетүү экономиканы диверсификациялоого жана салттуу аймактык таасир борборлоруна болгон көз карандылыкты азайтууга маанилүү жол ачат. Малайзия жана АСЕАНдын кеңири аймагы үчүн С5 мамлекеттери – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстан – менен байланышты бекемдөө сооданы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана Евразия мейкиндигинде стратегиялык катышууну чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Эки тарап тең туруктуу өнүгүүгө жана аймактык туруктуулукка көмөктөшүүчү көп векторлуу тышкы саясатка берилген, бул жаңы калыптанып жаткан көп уюлдуу дүйнө тартиби шартында бул өнөктөштүккө өзгөчө келечектүүлүк берет.

Стратегиялык зарылчылык – бул Малай-зиянын Бишкектеги Элчилигин ачуу. Менин визитимдин жүрүшүндө, Кыргызстан менен өнүгүп жаткан өнөктөштүктү чыңдоо жана АСЕАН + Борбор Азия кызматташтыгынын алкагында Малайзиянын тышкы саясий багытын алдыга жылдыруу үчүн дал ушул дип-ломатиялык шилтеме жетишпей жатканы айкын болду.

Коммерциялык көз караштан алганда, элчиликтин ачылышы Малайзияга Бишкек аркылуу Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, бул биримдиктин бүткүл мейкиндигинде соода жана инвестиция эрежелерин кыйла натыйжалуу жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Элчиликти ачуу боюнча чечкиндүү кадамдар «Борбор Азияга бурулуу» курсун ишке ашыруу гана болбостон, Малайзиянын маңыздуу аймактык өз ара аракеттенүүгө берилгендигинин ачык белгиси болуп калат.

Эгерде Малайзиянын Тышкы иштер министрлиги (Wisma Putra) чындыгында өлкөнүн глобалдык катышуусун кеңейтүүгө жана келечектүү өнүгүп жаткан борборлор менен байланыштарды чыңдоого умтулса, анда Бишкек бул тизмеде артыкчылыктуу орундардын бирин ээлеши керек. Элчиликти ачууну мындан ары жөн гана дипломатия-лык мүмкүнчүлүк катары кароого болбойт – бул Малайзиянын дүйнөлүк аренада барган сайын маанилүүлүккө ээ болуп жаткан аймак менен кызматташтыкты бекемдөөгө болгон бекем ниетин айкын көрсөткөн учурдагы зарылчылык.

Макала “The Star” гезитинен алынып даярдалды (https://www.thestar.com.my/news/focus/2025/10/19/unlocking-central-asia)

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз