Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨкмөт башчы альпинист Асель Байбагышевага 500 миң сом тапшырды

Өкмөт башчы альпинист Асель Байбагышевага 500 миң сом тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өкмөт башчы Асел Байбагышеванын жетишкендигин терең баалап, колдоо көрсөтүп, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Ал эми Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге сыймыктануу менен тапшырып, Эверест тоосунун чокусунан өзү алып келген ташты дагы тартуулады.

Баарлашуу учурунда Асел Байбагышева бийиктиктен алган таасирлери менен бөлүшүп, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга токтолду. Ийгиликтүү көтөрүлгөндөн кийин дароо биринчи болуп Адылбек Касымалиев байланышка чыкканына кубанганын белгилеп, дал ушундай тагдырлуу учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним жана жаңы ийгиликтерге шыктандыраарын билдирди.

Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун белгиледи.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар