whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКытайларга эмес, кыргызга керек мыйзам

Кытайларга эмес, кыргызга керек мыйзам

Кытай ысырапкорчулукка каршы күрөшүү жана чыгымдарды азайтуу жөнүндө токтом чыгарды.

Бул токтомго ылайык, мамлекеттик жана партиялык кызматкерлер иш күндөрдөгү түштөнүүлөрдө кымбат тамактанып, тамеки тартып, ичкилик ичкенге болбойт. Ушул эле документтин 20-статьясы мамчиновниктерге кымбат баалуу белектерди алууга, кымбат эс алууларга, чет өлкөлөрдөгү азарттык оюндарга катышууга тыюу салат. «Чет өлкөлөргө чыкканда мамлекеттик каражаттар мамлекеттер аралык белектерди алмашууга, конокторду эс алдырууларга жумшалбашы керек» деп жазылган.

Ошондой эле токтомдо мамчиновниктер өлкө ичиндеги сапарда жүргөндө аларды аэропорт, темир жол вокзалдарынан тосуп алуу иш-чаралары болбошу керектиги жана аларды бир гана адам коштоп жүрүүгө болору баса көрсөтүлгөн. Мындан сырткары аларга иш сапар учурда ашыкча транспорт, жашоочу жай каралбай турганы жана иш сапардын маршрутун, күндөрүн өзгөртүүгө тыюу салынары эскертилген.

Мелис СОВЕТ уулу, 
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар