whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте жеке мектепте 84 адам тамактан ууланды

Бишкекте жеке мектепте 84 адам тамактан ууланды

Бишкек шаарындагы “Сейтек СТЕМ” жеке мектебинде 31-октябрда окуучулар жана мугалимдер тамактан жапырт уулануу фактысы катталды.
Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 84 адам жабыркаган, алардын төртөө мугалимдер.
Жабыркагандардын 79у Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылып, алардан лабораториялык изилдөөлөр үчүн ашказанды жууган суу жана заң үлгүлөрү алынган.
Дагы 5 киши жеке медициналык борборлорго кайрылган.

Учурда 10 бала жана 2 мугалим ооруканага жаткырылган, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, ууланууга 31-октябрда мектеп ашканасында берилген шаурма себеп болгон.
Алгачкы белгилер — кусуу, ич өтүү, ичтин оорушу жана алсыздык — тамактан кийин бир нече саат ичинде байкалган.

Маалымат түшкөндөн кийин санэпидкөзөмөл кызматкерлери мектептин ашканасында иликтөө жүргүзүшүп, азык-түлүктөрдөн, жабдуулардан жана инвентарлардан үлгүлөрдү алышкан. Ошондой эле ашкана кызматкерлеринен анализдер алынган жана санитардык эрежелердин сакталышы текшерилген.

Мектеп жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу жана жалпы дезинфекциялоо боюнча көрсөтмө берилди.
Мектептин директоруна карата эки административдик протокол түзүлдү:

  • КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүгү боюнча — 5 миң сом айып пул;

  • 214-берененин 2-бөлүгү боюнча — 23 миң сом айып пул.

Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин мектеп ашканасынын иши убактылуу токтотулду.

Учурда Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык борбору иликтөөнү улантууда. Акыркы жыйынтыктар алынгандан кийин тиешелүү чаралар мыйзамга ылайык көрүлмөкчү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар