whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСүйүнбек Касмамбетов: “Нарк куржун”

Сүйүнбек Касмамбетов: “Нарк куржун”

     Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук.  
       Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.

Элчи

«Эстүү элчи доодон сактайт, эптүү баатыр жоодон сактайт» дейт. Бул пикир сөз кадырлаган эл жалгыз гана кыргыздар эместигинин эзелкинин бийлигинин тушунда да, эсиргендердин учурунда да жамы адам тукуму таасын айтылган сөзгө сынып, таасирлүү кепке моюн сунгандыгы жөнүндө айтылат.

Баш-аягы билинбеген душмандын колу менен кыргыздардын чабышы жети жылга созулат. Акыры кыргыздар көптүккө салып жеңишке жетип, тоо аралап кол салып келе жаткан душмандын мизин кайтарышат. Жоо аргасыз жеңилип, артка сүрүлөт.

Илбир-илең жаны калган, ириң-көлчүк каны калган душмандын Ханы үч бүркүм аскери менен артына кайтат. Тай үркүтөр алы да жок, таң жылытар табы да жок, кунарсыз күңүрт баскан, берекеси кеткен айыл. Ар кайсы үйдөн үрпөйүп үшүгөн, үймөлөктөп тамак жеп, ач карындап шишиген элин көрүп жаны кейийт.

Эптеп эки жагын жыйып, эсине келгенден кийин кеңешмендерине кайрылып: «Бул элдин камчы таяп карып калган чалдарын да, жалга колу жаңы жеткен балдарын да, бакан үйрүп баш бербеген зайыптарын да көрдүк. Түбүнө жетебиз деп түгөнүп кала жаздадык. Эми элдешип жашайлы, кош аттап чабарман чаптыргыла, элчиси келсин, тосууга кам көргүлө!» деген өкүмүн айтат.

Кабар жеткенден кийин кыргыздан Демикей деген даанышманы кош жигит алып, турган жердин топурагынан куржунга шыкай салып элчиликке жолго чыгат. Аземдеп жабдылган сарайдын астынан тосуп алган жан жөкөр Элчини кийирип, хандын маңдайына кастарлап салынган алты кабат төшөктү сунуштайт.

Демикей даанышман куржундун эки көзүнө сала келген топурагын ага арналган алты каттын үстүнө төгүп, анан ага отурганын көргөнгө делөөрүй түшкөн Ханга карап: «МЕН ӨЗ ЖЕРИМДИН ТОПУРАГЫНЫН ҮСТҮНДӨ ОТУРАМ! ХАН, СЕНИ МЕНЕН ТЕҢ АТА СҮЙЛӨШӨМҮН!» дегенде, акыл-айлага таң калган Хан менен Элчинин кеби тең чечимдүү бүткөн экен.

Улуу Наркты улап, уламышка айланган улуттун мыктыларын айта жүрөлү.

Жараткан калк камына эл-жерим десе жаны курман баатырларын, омоктуу ой уюткан мыктыларын, ыймандуу элдин ээсин насип кылсын!

«Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, ар бир адамга киндик кесип, кир жууган жери – Мисир!

«Ит мекени – ит аяк ичкен жери, / Эр мекени – туулуп түшкөн жери!» деп бекеринен айтылбаса керек.

Кан майданга жөнөгөн азаматтар да жөн жерден эле кочушуна толо туулган жеринин топурагын белине түйүп кетпегендир…

Туулган жердин деми алыста калган нечендердин көзүнөн көк жээктей учуп, көңүлүнө нечен ирет түшүп канчаларды кусаландырды экен…

Алтын туурубуз – тууган жерибиз болсун!

Уул

«Карысы бардын ырысы бар», кутман карылар коомубуздун келечегинин пайдубалын түптөөчүлөр экендиги талашсыз. Карылар күнүнө карата акыл айтып, ыйманга чакыруунун ордуна эне-бала тууралуу баянды сунуш кылууну чечтим.

Эл арбындап келүүчү наар татуучу жайга жаш жигит карыган апасы менен даамга буюртма бергенден кийин келип отурушту. Көп өтпөй тамактануу да башталды. Биротоло карылыкка моюн сунган апа калтылдаган колу менен ээгин булгайт, уулу апакай жүз аарчы менен аарчый коёт, эрдин булгайт, уулу аарчып коёт, жоолуктун астынан чыга түшкөн саамайын түздөйм деп чекесин да булгап алат. Уулу тура калып апасын өзү тамактандырат. Тамактануу аяктагандан кийин апасынын жоолугунун саамай бертимин түзөп, жетелеше чыга жөнөшөт. Тегерете тамактанып отурган эл ары аянычтуу, ары муңайымдуу, бир чети тунжураган көз караш менен узатышат эне-баланы.

Четирээкте отурган улгая түшкөн киши апасын жетелеп чыгып бараткан жигитке кайрылып: «Уулум, сен ушу жерге эки нерсеңди калтырып кеттиң» дегенде: «Жоок ата, эч нерсе калтырган жокмун» деп аксакалды илберлей караганда, карыя айтат: «Биринчиси — бул жерде отурган жаштарга САБАК калтырдың, балам, экинчиси — мага окшогон карыларга ҮМҮТ калтырдың, балам» деген экен.

Улгайганда кайрымдуу уулдун, ыймандуу кыздын сыйында бололу!

Кутман карылык адам баласын алдыга зоруктура берип, артка кылчаюуга мүмкүндүк бербей жүрүп дүйнөдөн да оолактатып тынат акыры.

Ата менен эне балдарын канатын сууга малып жүрүп чоңойтот. Сураганын берип, каалаганын аткарып, тапкан-ташыганын оозуна кармап эрезеге жеткирери да талашсыз. А катаал мезгил ар бир ата-энени алдан тайдырып, акыры бала-чакага көз каранды кылып тынат. Келме кезек убакыт баладай баёо ата-энени балдардын колуна салып берип тунжуратат. Тарбия-таалимди ата-энеден жетик алган бала гана кадырман карысын аздектейт, аларды алпештеп багат.

Нарктын маани-маңызын жеткиликтүү билген балдар гана ата-эненин баркына жетет! Ар бирибизге Жараткан нарктуу, барктуу карып өтүүнү насип кылсын!

Дос

«Коон үзгөндө дос элек, бозо сүзгөндө алыстадык» дегендей, көңүл бүтүн, курсак ток кезде айланчыктап, күнүңө көлөкө түшкөндө караанын үзүп кеткендер арбып, азыркы учурда акыреттик дос темасы коомдон четке сүрүлүп, жарма дос, акча, бийлик, байлык достор көбөйүп, дилдеги жакындыкты, чыныгы мамилени адам туюмунан алыстатып жаткандыктан төмөндөгү ойлорумду ортого салууну чечтим…

Бир дарактын эки бутагындай жарыша бойлой өсүп, алыша ойной эрезеге жетип эки достун эл аралай бастырганы да, эпкин жашты ээликтире шаштырганы да ооздон-оозго өтүп турат.

Бири күүгө жетип, экинчиси күбөгө өтүп достордун бири үйлөнөт. Жазмыштын адашкан жазасыбы же жан бүткөндүн жаңылыш азасыбы, айтор, экинчи досуна Азиреил келип: «сен үйлөнгөн күнү жаныңды алам» деп кулагына шыбырап кетет. Арадан ай-жылдар өтүп, досу бардар жашап, бала-чакалуу болуп, өзү да кырктын кырын оодарып, Азиреилдин эскертүүсү эстен чыгып үйлөнөт экен. Нике түнү эле жан алгыч келет. Ким келгенин сезип, «Эртеңки көрөөр күндүн, бүгүнкү жатаар түндүн ылаажысы жокпу?» деп сурайт.

«Бир эле жолу бу сен үчүн өз жанын кыя турган адамың болсо, тирүү калып тукум улайсың» дейт. Жан алгычтан арачага бир күн алып, досуна келип жагдайды толук айтып бүтөрү менен, досу бүлөсү менен коштошуп, «менде баары бар, бала-чакам чоңойду, сенин дүйнөдөн тукумсуз, так өтүп кетишиңе жол бербейм» деп жан алгыч күтүп отурган үйгө кирип келишет.

Ошондо Азирейил ордунан ыргып туруп: «Достук ыйык жана бийик, Кудайдан атың ким деп сурасаң «Дос» дейт» деп эки доско бата берип, бакыт тилеп узап кеткен
экен.

(Уландысы бар)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар