Орус президентин кызыктырган комуз, ЖККУ лидерлери үчүн “Ала-Арчада” этномаданий программа өткөрүлдү

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын алдында 26-ноябрда уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа көрсөтүлдү.

Конокторго “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси тааныштырылып, боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук буюмдар, уз-чеберлердин эмгектери жана катышуучу өлкөлөрдүн маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Иш-чара учурунда Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына колго жасалган улуттук панно жана музыкалык аспаптарды белек кылды. Өзгөчө көңүл бурдурган учур — Россиянын президенти Владимир Путин комузду жакындан карап, аспаптын үнүн жана жасалышын кызыгуу менен сурап көрдү.

Этномаданий программа Бишкектеги саммиттин расмий бөлүгүнө карата меймандар үчүн уюштурулду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз