Кытайдагы Ухань шаарында изилдөөчүлөр виртуалдык чындык (VR) көз айнектери жана контроллерлерди колдонуп, гуманоид роботторду күнүмдүк жашоодо жасалчу иштерге үйрөтүп жатышат. Лабораторияда роботтор мектеп окуучулары сыяктуу окуу процессинен өтүп, кофе даярдоодон баштап, үй-бүлөлүк иштерди аткарууга чейин көндүрүлөт.
Инженерлер роботторду физикалык жактан кыймылдатуу жана тапшырмаларды аткарууга үйрөтүү үчүн чоң маалымат топтомдорун чогултушат. Бул процессте инструкторлор VR жабдууларын кийип, роботтордун кыймылын реалдуу убакыт режиминде багытташат.
ИИ-роботторду үйрөткөн тренер Цюй Цюнбинь өз тажрыйбасын мындайча түшүндүрдү:
«Биз VR көз айнекти кийип, контроллерди кармап, колдорубузду роботтун сол жана оң колу катары колдонобуз. Ал биздин позаларды кайталап, кыймылдарды үйрөнөт. Андан кийин маалыматтар булутка жүктөлүп, текшерилип, датасет түзүлгөн соң роботко жүктөлөт жана ал ошол маалыматтар боюнча окуйт».
Цюй Цюнбинь кошумчалагандай, бул процесс абдан кызыктуу жана робот тапшырманы аткарганда, өзүнүн баласын окутуп жаткандай кубаныч алат.

