Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Кипр диппаспорт ээлерин визалык талаптардан бошотот

Кыргызстан менен Кипр диппаспорт ээлерин визалык талаптардан бошотот

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кипр Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. 

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кипр Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Кипр Республикасынын жарандарынын дипломаттык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар