whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек — Нарын — Торугарт трассасы акы төлөнүүчү жол болот

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасы акы төлөнүүчү жол болот

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир бөлүгүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде оңдоп-түзөп, кеңейтип, акы төлөнүүчү жол кылуу пландалууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, план боюнча аталган жолдун 30,6 чакырымдан 90-чакырымга чейинки бөлүгү жаңыланып, 6 тилкелүү болот. Аны куруу үчүн министрлик инвесторлорду издөөдө. Жол реконструкциядан өткөндөн кийин акы төлөнүүчү болот. Ага альтернативдүү жол катары ички Бишкек – Нарын – Торугарт жолу кызмат кылары кабарланды.

“Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө акы төлөнүүчү жана бекер жолдор аркылуу каттамдарды тандоо барган сайын көбөйүүдө. Жолдун өзүн-өзү камсыздоосу маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бул ыкма жолду курууга жана күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн киргизилүүдө. Жол көздөгөн жериңизге тезирээк жетүүгө мүмкүндүк түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Инвесторлор төмөнкү даректерге кайрылса болот: Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү 42

Байланыш номерлер: 0 (312) 31 43 13; 0 (312) 31 42 91

Почта: mtdgovkg@mail.ru

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар