Башкы беткеЖогорку КеңешТүркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет

27-апрелде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү маалымдалды.

Жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Түркиянын парламентинин төрагасынын бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулары да мерчемделген.

Эскерте кетсек, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга алгач ирет расмий сапар менен келүүдө.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар