Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Гүлбаар айылында жайгашкан №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Аталган билим берүү мекемеси буга чейин 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган эски имаратта жайгашып келген. 2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты авариялык абалда деп таанып, анын ордуна жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен жаңы имараттын курулушу каржыланган.
Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталып курулганына карабастан, учурда бул жерде 320 окуучу эки нөөмөт менен билим алууда. Эки кабаттуу заманбап имаратта окуу класстары, жыйындар залы, ошондой эле чыгармачылык жана дене тарбия иштерине арналган атайын бөлмөлөр каралган.
Ачылыш аземинен кийин мамлекет башчысы мектептин окуу корпусу менен таанышып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Ошондой эле педагогикалык жамаат менен жолугуп, билим берүү системасын өнүктүрүү жана мугалимдердин эмгек шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулады.
Өз кезегинде мугалимдер мамлекет тарабынан билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирип, окуу процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышты.