Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров: “Жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу мамлекеттик саясаттын негизги багыты”

Садыр Жапаров: “Жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу мамлекеттик саясаттын негизги багыты”

Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Мамлекет башчысы жыл башында өткөрүлгөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы жылдарга карата негизги максаттар белгиленгенин эске салды. Ал жаз майрамдарынан кийин аймактарды кыдыруу, жергиликтүү эл менен түз жолугушуу аркылуу иштердин жүрүшү менен таанышуу чечими кабыл алынганын белгиледи.

Президент акыркы жылдары өлкөдө экономикалык өсүш байкалып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан ашып, мамлекеттик бюджет 1,1 трлн сомго жеткен. Салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү көмүскө экономиканы кыскартуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу менен байланыштуу экени белгиленди.

Ошондой эле жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу мамлекеттик саясаттын негизги багыты бойдон каларын айтты. Бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары, пенсиялар жана социалдык төлөмдөр этап-этабы менен көбөйтүлүп жатканы белгиленди.

Ош шаарынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп, 2025-жылга карата шаар бюджети 3,4 млрд сом деп бекитилип, кошумча 6,3 млрд сом бөлүнгөнү айтылды. Ал эми 2026-жылга бюджет 5,2 млрд сом өлчөмүндө пландалууда. Мындан тышкары капиталдык салымдар жана Турукташтыруу фондунун каражаттары шаарды өнүктүрүүгө багытталууда.

Президент өнөр жай тармагындагы өсүшкө да токтолуп, өлкө боюнча жыл сайын 100гө жакын жаңы ишкана ачылып жатканын билдирди. Ош облусунда 34 ишкана ишке кирип, 1700дөй жумуш орундары түзүлгөн.

Жолугушууда ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жай жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар