Башкы беткеМаанилүүӨкмөт кымбатчылыкты ооздуктоо боюнча иш-чараларды бекитти

Өкмөт кымбатчылыкты ооздуктоо боюнча иш-чараларды бекитти

Өкмөт 2025-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ага ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын бешине чейин пландын аткарылышы боюнча маалымат берип турат.

Ал эми Экономика жана коммерция министрлиги айдын онуна чейин президенттин администрациясына иш-чаралар планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдайт.

Тескеменин максаты —социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу, ички рыноктун туруктуулугун камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, 2025-жылы ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү экендиги айтылат.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар