Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖеке менчик Конституция менен корголгон, мамлекет тартып ала албайт

Жеке менчик Конституция менен корголгон, мамлекет тартып ала албайт

Менчик жер үлүшүн мамлекет тартып ала албайт. Ал Конституция менен корголгон. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Коомчулукта мамлекет керектөөсүнө үлүш жер, кыймылсыз мүлктү алса кожоюну күткөндөй кенемте төлөп бербей коюшунан кооптонгон пикирлер айтылып, активисттер өлкө башчыдан документке кол койбоону суранып жатышат.

Мындан улам Мамлекеттик агенттик Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча түшүндүрмө берди.

Аталган мекеме Жер кодексинин жаңы редакциясында жеке менчиктеги кыймылсыз мүлк жана үлүш жерлерди алуу шарты өзгөртүүсүз калтырылганын баса белгиледи.

Жер мамлекеттик же муниципалдык менчикке төмөнкү учурларда гана алынышы мүмкүн:
жер максатка ылайыксыз пайдаланылганда;
табигый кырсык тобокелдиги же кесепети болгон учурда;

өзгөчө баалуу жерлер же мамлекеттин муктаждыгы үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары болгондо.

Эскерте кетсек, жер участогу мамлекетке соттун чечими менен гана кайтарылат жана бул өзгөчө чара болуп эсептелинет.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар