Башкы беткеМаанилүүЖалал-Абад Манас шаары болуп өзгөрдү

Жалал-Абад Манас шаары болуп өзгөрдү

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 17-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас  деп кайра атоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчысынын сайтында белгиленгендей, бул чечимдин максаты — улуттук идеологияны чыңдоо жана кыргыз элин коргогон баатыр Манастын ысымын ыйгаруу.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 10-сентябрда кабыл алынган. Буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңеши жана жергиликтүү тургундар аталышты өзгөртүү сунушун колдогон.

Жаңы мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөн соң күчүнө кирет.

Учурда шаарда 184 миңден ашык калк жашайт. Акыркы жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүп, мамлекеттик бюджеттен 2024-жылы эле 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан облуска 10 млрд сом каралган.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар